ЖОЛЧО ТАРМАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:54, 18 Июнь (Кулжа) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОЛЧО ТАРМАК к о м п ь ю т е р д е – бардык түзүлмөлөр м-н тармак чокулары жалгыз жол аркылуу бириктирилүүчү ж-а берилиштерди бөлүүчү тармак. Анда берилиштер эки багыт боюнча жиберилет. Түзүлмөлөрдү туташтыруу үчүн бир кабель колдонулат. Тармактын борборуна хаб орнотсо да болот, натыйжада бул тармак жылдызча түзүлмөлүү тармакка окшоп калат, бирок жолчо структуралуу тармак деп атала берет. Себеби хабдын ичинде бир гана өзөктүү кабель болот. Жолчо тармактын артыкчылыгы – тар­мактын калган бөлүгүнө жолтоо болбостон, анын каалаган жерине кошумча түзүлмөлөрдү кошууга же алып салууга мүмкүндүк берет, эгер тармактын бир компьютери иштен чыгып кал­са, анда ал тармактын башка колдонуучулары­на таасирин тийгизбейт.