ИРАН-ИРАК СОГУШУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРА́Н-ИРА́К СОГУШУ (1980–88) – Персия булу­ңунун чөлкөмүндө, о. эле ислам дүйнөсүндө же­тектөөчүлүк үчүн Ирак м-н Ирандын ортосундагы күрөштөн улам келип чыккан согуш. Согуштун башталышына Шатт-эль-Араб (персче Арванд­руд) д-нын чөлкөмүнө эки тараптын тең эзел­тен келаткан өз ара дооматтары шылтоо бол­гон. 1980-ж. 22-сентябрда Ирак башчысы С. Ху­сейн чек ара маселесин шылтоолоп, Иранга кар­шы согуш жарыялаган. Согуш узакка созулган. 1981-жылдан Иран күчүнө кирип, Ирак ай­мактарын басып алган, бирок толугу м-н өзүнө карата алган эмес. Иракка СССР м-н Франция, Иранга негизинен АКШ ж-а Израиль өлкөлө­рү колдоо көрсөтүшкөн. 1988-ж. 20-августта Иран-Ирак жарашуу келишимине кол коюл­ган. Эки тарап тең согуштан зор экон. зыян тарткан.