ИРИ МОЛЕКУЛАЛУУ БИРИКМЕЛЕР
ИРИ МОЛЕКУЛАЛУУ БИРИКМЕЛЕР – мол. массасы бир нече миңден бир нече миллионго жеткен бирикмелер (макромолекулалар). Алардын курамында бири-бири м-н негизги валенттүүлүктөрү аркылуу байланышкан жүздөгөн ж-а миңдеген атомдор болот. Алар табиятта кеңири таралган ж-а өтө көп санда синтездик жол м-н алынган. Жаратылышта кездешүүчүлөргө целлюлоза, крахмал, белок заттары, табигый каучуктар ж. б. тиешелүү, ал эми синтез жолу
м-н алынган макромолекулаларга полиолефиндер, полибутадиен, полистирол, полиамиддер, полиэфирлер, элемент орг. полимерлер ж. б. кирет. Синтезделген макромолекулалар кош байланышы бар ж-а циклдүү бирикмелердин полимерленишинен же диж-а полифункциялуу бирикмелердин поликонденсацияланышынан алынат. Чынжырчаларынын курамы б-ча карбочынжырлуу, гетерочынжырлуу ж-а элемент орг. болуп үчкө бөлүнөт. К а р б о ч ы нж ы р л у у макромолекулалардын негизги чынжырчасы жалаң гана көмүртек атомдорунан туруп, алардын капталдарында кычкылтек, галогендер, азот атомдору болушу мүмкүн. Аларга полиолефиндер, табигый каучуктар, полистирол, поливинилспирти, поливинилхлорид, политетрафторэтилен, полиакрилонитрил ж. б. тиешелүү. Г е т е р о ч ы н ж ы р л у у полимерлердин негизги чынжырчасында көмүртек атомдорунан башка да кычкылтек, азот, күкүрт, фосфор атомдору болот, мындай полимерлерге жөнөкөй ж-а татаал полиэфирлер, полиамиддер (белоктор да), целлюлоза, крахмал, ДНК, РНК ж. б. кирет. Э л е м е н т о р г. полимерлер жаратылышта кездешпейт, синтез жолу м-н гана алынат. Алардын негизги чынжырчасында көмүртек атомдорунан башка Si, В, Аl, Тi, Sn сыяктуу табиятта кездешүүчү орг. заттардын курамында жок поливаленттүү элементтер болот, мис., кремнийорг., борорг., калайорг. ж. б. полимерлер. И. м. б. түзүлүштөрү б-ча түз сызыктуу, тармакташкан ж-а тор сымал болуп да бөлүнөт. Түз сызыктуу макромолекулалар узун чынжырчалардан туруп, капталдарындагы тармакташуу бир мономер звеносунан ашык болбойт. Мис., аларга табигый каучук, жөнөкөй ж-а татаал полиэфирлер, синтезделген полиамиддер ж. б. тиешелүү. Тармакташкан макромолекулалардын негизги узун чынжырчаларынын капталдарында бир нече кыскараак чынжырчалар болот. Мис., жалганган сополимерлер, кээ бир белоктор, үч ж-а андан көп функциялуу
топтору бар бирикмелерди поликонденсациялоодо алынган полиэфирлер, полиамиддер ж. б. Бир нече түз сызыктуу макромолекулалар бири-бири м-н негизги валенттүүлүктөрү аркылуу көпүрө сымал кыска звенолор м-н байланышкан полимерлер тор сымал И. м. б. деп аталат. Буларга вулканизацияланган каучуктар, фенол-формальдегид чайырлары (резит) ж. б. таандык. Тор сымал макромолекулалар эч бир эриткичтерде эрибейт. Алар эл чарбасынын бардык тармактарында колдонулат.
Ад.: Лосев И. П., Простянска Е. Б. Химия синтетических полимеров., М. 1964; С. Адылов, Ү. Асанов. Органикалык химия курсу. Б., 2000.
С. Адылов.