ИРИДИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРИ́ДИЙ (лат. Iridium), Ir – элементтердин мез­гилдик системасынын VIII тобундагы хим. эле­мент. Платина металлдарына кирет, катар н. 77, ат. м. 192,22. Аты гр. iris – көк желе (тузда­ры ар түрдүү түстө). 1804-ж. англ. окумуштуу О. Теннант ачкан. Жаратылыштагы И. турук­туу эки изотоптун аралашмасынан 191Ir ж-а 193Ir турат. Б. эрүү t 2410°С; кайноо t 5300°С; тыгыз­дыгы 22,4 г/см3. Жер кыртышында массасы б-ча 1Ч10–7%ти түзөт. И. жез-никель сульфиддүү тоо тектеринде кездешет. И. – күмүш түстүү ак, эң катуу металл. Хим. жактан ж-а коррозияга абдан туруктуу. К-талар, «падыша арагы» да ага таасир эте албайт, щелочтордо да эрибейт. 600°Сде кычкылтек м-н, андан жогорку темп­рада F2, Cl2, Br2, S, Se, Te, P м-н аракеттенет.
Кычкылдандыруу даражалары +3,+4, кээде +1, +2, +5, +6. Окистеринен туруктуулары Ir2O3, IrO3 хлориддеринен IrCl, IrCl2, IrCl3, сульфиддеринен IrS, Ir2S3, IrS2, Ir3S8, комплекстүү бирикмелери­нен 3, 4 валенттүү бирикмелери белгилүү. И. жез, никель, осмийлүү И. концентраттарын иште­түүдөн алынат. И. – платина металлдары м-н бирге асыл металл болуп эсептелет. Платина м-н болгон куймасы электроддорду, физ., хим. ж-а хирург. аспаптарды, саат тетиктерин жасоо­до, ө. ж. аппараттарынын сырткы бетин кап­тоо үчүн колдонулат. Хим. туруктуу идиштер­ди жасоодо керектелүүчү Pt, Pb куймаларына кошулат.