ИРИМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРИМ , а й л а м п а, а й л а н к ө ч ө к – суунун уюлгуп, айлампа болуп аккан терең жери. Адат­та, И-дер эки агым кошулганда, жээкке кирип турган урчукту имерилип өткөндө же дарыя нугунун кескин жайылып кеткен жерлеринде, деңиздерде ташкын, тартылуу толкундарынын ж-а каршы агымдын кошулган жерлеринде пай­да болот. Башка тилдерде «ирим» жерлер ирем, ирмок, пучина, омут, заводь, водоворот ж. б. деп аталат.