ИРКУТСК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРКУ́ТСК – Россиядагы шаар (1686-жылдан).
Иркутск обл-нун адм. борбору. Иркут д-нын куймасы – Ангара д-нын чатына жакын жай­гашкан. Ангара д-ндагы пристань. Калкы 576,0 миң (2008). Транссибирь магистралындагы т. ж. тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын пайда болушуна орус кыштагынын, андан соң Иркутск чыңдоосунун (1661–69; анда согуш ж-а аң уулоо­чу куралдар сакталып, Байкал боюндагы тур-

Иркутскидеги Богоявленск собору.

гундарга ар түрдүү товарлар сатылып турган) ку­рулушу түрткү болгон. Кийинчерээк Чыгыш Си­бирдин аскер-адм. борбору, 1686-ж. шаар стату­сун алган. Учурда И. – Чыгыш Сибирдин ири экон., ил. ж-а маданий борбору. Шаардын че­гинде (Ангарада) Иркутск ГЭСи курулган. Оор машина, станок ж-а авиакуруу (а. и. аскер са­молёттору – СУ-30, ЯК-130, көп функциялуу самолёть-амфибия Бе-200 экспорттолот), электр­тех. ж. б. ө. ж. ишканалары, слюда иштетүүчү ф-касы иштейт. Россия ИАнын Сибирь бөлүмү­нүн филиалы, өткөрүлүп турат.