ИРЛАНДДАР
ИРЛАНДДАР , э р и н н а х, а й р и ш – улут, Ирландиянын негизги калкы. Саны 3,7 млндон ашык, а. и. 3,5 млн киши Ирландияда, 47 миңи Түш. Ирландияда, 5,6 миңи Шотландияда, 109 миңи Англияда төрөлгөндөр (2006). О. эле Улуу Британия, АКШ, Канада, Австралияда да жашашат. И-дын көпчүлүгү англис, калгандары ирланд (гэль) тилинде сүйлөшөт. Католик динин тутушат. И-дын этностук негизин б. з. ч. 1- миң жылдыктын 2-жарымында Шотландиядан көчүп келишкен келт (гэль) уруулары түзгөн. И. 18–19-к-да англичандардын оор колониялык эзүүсүнүн шартында улут болуп калыптанган. Англиялык бийлик И-дын эне тилинде сүйлөшүнө тыюу салгандыктан, көбү англис тилине өткөн, бирок улуттук өз алдынчалыгын жоготкон жок. 19-к-дын аягында ирланд тили м-н мад-тын кайра жандандыруу үчүн аракеттер болуп, 1921-ж. ирланд тили англис тили м-н катар расмий тил катары таанылды. И. дыйканчылык, мал чарбачылык ж-а балыкчылык м-н кесиптенишип, дубалы таштан тургузулуп, чатыры камыштан төрт же эки кырлуу жабылган үйлөрдө жашашат. Улуттук кийимдери – кызгылт-сары белдемчи (кильт), ачык түстүү, жакасы жок көйнөк, матадан тигилген баш кийим. Майрам күндөрү жашыл түстүү кийимдерди кийишет. Тамак-ашы негизинен эт, дан, балык, сүт ж-а картөшкө азыктарынан даярдалып, суусундук катары чай кеңири колдонулат. И. Самхейн (1-ноябрь – Жыл башы), Лугназат (1-август – Түшүм жыйноо) сыяктуу байыркы кельт майрамдарын майрамдашат.
Ш. Керимова.