ИРЛАНДИЯ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРЛА́НДИЯ – Британ архипелагындагы арал. Аянты 84 миң км2. Атлантика океаны м-н чул­ганат, Улуу Британия а-нан Ирланд деңизи, Түн. ж-а Ыйык Георг кысыктары аркылуу бөлүнөт. Аралдын борб. бөлүгүн түздүк, чет жакаларын тоолор (бийикт. 1041 мге чейин), түн.-чыгышын Антрим платосу ээлейт. Негизги дарыясы – Шаннон. Көлү көп. Шалбаа, верещатниктер мүнөздүү. Аймагынын көп бөлүгүндө Ирландия мамл., түн.-чыгышында Улуу Британиянын бир бөлүгү – Түн. Ирландия (Ольстер) жайгашкан. Ири шаарлары: Дублин, Белерась.