ИРЛАНД ТИЛИ
ИРЛА́НД ТИЛИ – ирланддардын тили. Ирландия мамлекетинин расмий эки тилинин бири.
Улуу Британияда, Түн. Ирландияга да таралган. Кельт тилдеринин гойдель тобуна кирет. Жазмасы латын алфавитинин негизинде (7-к.). И. т. тарыхы төрт мезгилге бөлүнөт: 1) байыркы, б. а. огам мезгилине (4-к-да башталган) огам жазуусу м-н жазылган байыркы ирланд жазуу эстеликтери таандык; 2) байыркы ирланд мезгилинде (6-к-дын ортосунан, 5-к-дын аягы, 6-кдын башында түзүлгөн латын графикасынын негизиндеги жазуу пайдаланылган; 3) ортоңку ирланд (11-к-дан баштап), мезгилинде байыркы ирланд жазуу эстеликтери м-н катар көптөгөн адабий эстеликтер жаралган. 4) жаңы ирланд мезгили (13-к-дан башталган). И. т-нин мунстер, коннахт, ольстер, лейнстер (20-к-дын башында эле жоголуп кеткен) деген 4 диалекти белгилүү.