ИРОКЕЗДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИРОКЕЗДЕР , и р э к у о й, и р о к у а – 1) АКШ (Нью-Йорк ж-а Оклахома штаттары) ж-а Кана­дада (Онтарио ж-а Квебек провинциялары) жа­шаган индей элдеринин тобу; 2) И. (өздөрүн ходеносауни деп аташат) – АКШ (Нью-Йорк ж-а Оклахома штаттары) ж-а Канадада (Онта­рио ж-а Квебек провинциялары) жашаган ин­дей урууларынын тобу. Жалпы саны АКШда 353, 8 миң (2000), ал эми Канадада 49,7 миң киши (2000). Ирокез, о. эле англис тилинде сүй­лөшөт. И. христиан (протестанттар, католик­тер) динин тутканы м-н көпчүлүгү табигат күчтө­рүнө сыйынышат. Алар дыйканчылык ж-а аң­чылык м-н кесиптенишкен. Байыркы убакта энелик-уруулук коомдук түзүлүштө жашашкан. 15–16-к-да И-дин уруулар (сенека, каюга, онон­дага, онейда, могауки) союзу түзүлгөн. Союз Ев­ропа мамлекеттеринин Түн. Америкага үстөмдүк орнотуу үчүн жүргүзгөн колониялык согушта­рында (17–18-к.) зор роль ойногон. 18-к-дын аягында союз АКШ аскерлери тарабынан тал-

Ирокездердин уруу башчысы

.

каланып, И. АКШ ж-а Канадага резервация­ларга көчүрүлгөн. Учурда И. а. ч., курулуш ж-а ө. ж-да иштешет. И-де аял­дар бийик статуска ээ, туу­гандашуу энелик тарап б-ча аныкталат. 1971-ж. Канадада И. Ассоциация­сы түзүлгөн.

Ш. Керимова.