ИРОНИЯ
ИРО́НИЯ (гр. eironeia – анткорлонуу, тымызын какшыктоо) – белгилүү бир турмуш көрүнүшүн, адамдын кулк-мүнөзүн тымызын, жашыруун шылдыңдоо, келекелөө. Анын өзгөчөлүгү – жумшактыгы, акырын чымчуу максатын көздөгөндүгү ж-а каймана, жашыруун боло тургандыгы. Ошондуктан айрымдар И-ны түшүнбөй да калат, анткени анда «керегем сага айтам – келиним сен ук» мааниси берилет. И. кеңири маанилүү турмуш көрүнүштөрү ж-дө да, жекече адам мүнөзү ж-дө да болот. К. Баялинов каарманына «Чоңмурун» деп, и-лык ат берсе, Ч. Айтматов «Кылым карытар бир күн» романында лейтенант Таңсыкбаевди Айзаданын ичкич күйөөсү: «Сенден көрө базардагы милийса адам»,– деген бир ооз сөзү м-н шылдыңдап өтөт.