ИРРАЦИОНАЛДЫК ТЕҢДЕМЕ
ИРРАЦИОНАЛДЫК ТЕҢДЕМЕ – белгисизи радикал белгисинин (тамырдын) астында болгон теңдеме. И. т. чектүү же чексиз сандагы чыгарылышка ээ, о. эле чыгарылышы жок болушу да мүмкүн. Мис., x − 2 = x − 2 теңдемеси эки чы- гарылышка (x1 = 2, x2 = 3), x + 2 − 6 x − 1 + + x + 3 − 4 x − 1 = 1 теңдемеси чексиз көп чыгарылышка (5≤x≤10) ээ, ал эми x − 2 + + x + 2 = 0 теңдемесинин чыгарылышы жок. И. т-ге кирген бардык радикалдар ариф. тамыр катары, ал эми И. т-нин чыгарылыштары чыныгы сандар талаасында гана каралат. И. т. төмөнкү айрым ыкмалар м-н чыгарылат: 1) радикалдын бирин барабардык белгисинин оң тарабына чыгарып, эки тарабын тең бирдей даражага (тамырдын даражасына) көтөрүү; 2) кошумча белгисиз киргизүү (теңдемедеги кайсы бир туюнтманы белгилеп, ордуна коюу); 3) теңдеменин эки бөлүгүн тең анын биринин түйүндөшүнө көбөй-
түү; 4) теңдемедеги өзгөрмөлөрдүн кабыл алууга мүмкүн болгон маанилеринин облусун алдын ала аныктоо. Бардык учурда алынган тамырларды теңдемеге коюп текшерүү керек.
Ад.: Сканави М. И., 3айцев В. В. Математика. М., 1974; Цыпкин А. Г., Пинский А. Справочное пособие по методам решения задач по математике. М.,1983.