ИРСАЛИЕВ Арстанбек
ИРСАЛИЕВ Арстанбек (26. 2. 1950-ж. т.‚ Чүй обл.‚ Аламүдүн р-ну‚ Бер-Булак айылы) – бийчи, КРдин эл арт. (1979). Ленинграддагы А. Я. Ваганова атн. хореогр. окуу жайын бүткөндөн (1969)

А. Малдыбаев атн. Кыргыз
мамл. опера жана балет театрынын солисти. Аткарган ролдору: Куйручук (К. Молдобасанов‚ Т. Окунев‚ «Куйручук»)‚ Касым (К. Молдобасанов‚ «Cаманчы жолу»)‚ Cпартак (А. Хачату ря н‚ «Cпартак»)‚ Чолпонбай (Ч. Нурымов‚ «Өлбөстүк»)‚ Базил (Л. Минкус‚ «Дон Кихот»)‚ Альберт (А. Адан‚ «Жизель») ж. б. Реж. М. Рошалдын «Космонавттар көчөсү»‚ Б. Шамшиевдин «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» ж. б. көркөм фильмдерге тартылган. Көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.
