ИСААКЯН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСААКЯ́Н Аветик Саакович [19 (31). 10. 1875, Казарапат, Александрополго (азыркы Гёмри) жакын – 17. 10. 1957, Ереван] – армян акыны. Армян ССР ИАнын академиги (1943). Диний се­минарияда окуган (1889–92). Чыг-лыгы 1892- жылдан башталган. Алгачкы ырлар жыйна-


гы – «Ырлар жана жаракаттар» (1897). Орус па­дышалыгы, түрк султаны, жерг. эзүүлөрдөн жа­быр тарткан армян элинин муң-кайгысын ырга кошкон, биринчи орус рев-ясынын тушунда со­циалдык ж-а улуттук эзүүгө каршы ырлар жаз­ган. 1909–11-ж. «Абул Ала Маари» аттуу фи­лос. поэма жараткан. 1911-жылдан келип-ке­тип чет мамлекетте жашаган. 1936-ж. Армения­га биротоло келип, маданий-коомдук зор иш­терди жүргүзгөн, жаңы ыр циклдерин жазган («Биздин тарыхчылар жана гусандар», 1939; «Мекениме», 1940; «Армян архитектурасы», 1942). Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында­гы чыгармаларында патриотизм негизги орун­ду ээлейт («Жүрөгүм менин тоо башында», 1941; «Улуу жеңиштин күнү», 1945 ж. б.). Бул чыгар­малары үчүн И-га СССР мамл. сыйл. (1946) бе­рилген. Ырлары бир катар чет тилдерге кото­рулган. Армян ССР Жогорку Советинин (2–4- шайланышынын) депутаты. Эки Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.


Чыг.: Избранное. М., 1970; Тууган жердин түтүнү.
Ырлар жана поэма. Ф., 1975.


Ад.: Григорьян К. Творческий путь Аветика Исаа­кяна. М., 1963.