ИСАЕВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Акыбай (12. 2. 1932, Ысык-Көл р-ну, Бостери кыш. – 18. 11. 1999, Бишкек) – гео­графия илимд. доктору (1989), проф. (1990). Кыргыз ССРинин эмг. сиң. мугалими (1985). Кырг-н пед. ин-тун бүтүргөн (1953). 1953–55-ж. Кыргыз ССР Пландоо к-тинде ага экономист болуп эмгектенген. 1955–58-ж. КМУнун геогра­фия ф-тинде окутуучу, 1961–65-ж. Кыргыз ССР ИАда кенже, ага ил. кызматкер. 1965–87-ж. КМУнун география ф-тинин деканы, 1987-жыл­дан өмүрүнүн акырына чейин география ж-а туризм кафедрасынын башчысы болуп эмгек­тенген. И. 115тен ашык ил. эмгектин (а. и. 4 монография, анын экөө авторлош) автору. «Кыр­гызстандын географиясы» окуу китеби (автор­лош) үчүн КРдин илим ж-а техника жаатында мамл. сыйл. лауреаты (2000). Ил. изилдөөлөрү респ-да тех. өсүмдүктөрдүн өсүшү ж-а аларды са-


рамжалдуу пайдалануу, агрардык ө. ж. комп­лексинин аймактык жактан уюштурулушу, та­бигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу ж-а коргоо ж. б-га арналган.