ИСАЕВ Аскар

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Аскар [15. 3. 1931-ж. т., Кызыл-Аскер р-ну, Кызыл-Аскер кыш. (азыркы Бишкек ш.)] – архитектор, акын, Кыргыз ССРинин эмг. сиң. архитектору (1974). КРдин арх-ра ж-а ку­рулуш академиясынын ар­дактуу академиги (2005). Москва арх-ра ин-тун бүт­к ө н (1955).

1956– 59-ж. «Кыргыздолбоор» ж-а «Фрун­зе шаардык долбоор» ин-т­тарында архитектор, 1959– 61-ж. Кырг-н архитектор­лор союзунун башкармасы­нын төрагасы (1959–61), Фрунзе шаарынын башкы архитектору (1968–71), «Фрунзе шаардык долбоор» ин-тунда өнөркана жетекчиси (1972–86). И-дин чет өлкөлөрдө (Си­рия, Алжир, Ирак, Германия, Швейцария) өткөрүлгөн бүткүл дүйнөлүк көргөзмөлөрдөгү кыргыз павильондору алтын медалдарга татык­туу болгон. Ал жетектеген ¹ 3 өнөркананын архитекторлорунун долбоору б-ча Өкмөт Үйү ку­рулган (1974). И-дин эмгектери: Бишкектеги бай­ланыш үйү куранты м-н (1980), Эркиндик буль­варындагы «Сейил» рестораны (1970), Совет көчөсүндөгү 10 кабат турак үй (1973), В. И. Ле­ниндин эстелиги (скульптор А. Кибальников, Т. Садыков, 1984), М. Фрунзенин эстелиги (скульптору А. Посядо, В. Дубиновский 1960– 70), Т. Сатылгановдун эстелиги (скульптору Г. Айтиев, 1960–74), Ч. Айтматов атн. паркта­гы түбөлүк от (1970) ж. б. И. лирик акын ката-

Бишкектеги байланыш үйү. Арх. А. Исаев. 1974.

ры да таанымал. «Таң сыры» (1980), «Жаңы­рык» (1984) ыр жыйнактары жарык көргөн, «Сары-Челек», «Эңсөө», «Элегия», «Жаш курак» ж. б. ырларына музыка жазылган. «Ардак Бел­гиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.