ИСАЕВ 4
ИСАЕВ Карагул (12. 03. 1934-ж. т., Түп р-ну, Ак-Булуң кыш.) – тоо өткөөлчүсү, СССР мамл. сыйл. лауреаты (1976). Кыргыз ССР геол. башкармасынын чарба цехинде жумушчу (1949–64), Сары-Жаз экспедициясында өткөөлчү (1949–64), 1966–88-ж. өткөөлчүлөрдүн бригадири болуп иштеген. Кырг-нда ачылган Сары-Жаз калай кенин чалгындоо ишине кыйла эмгек сиңирген.