ИСАКЕЕВ 1
ИСАКЕЕВ Баялы Дыйканбаевич (октябрь, 1897, Нарын обл., Кочкор р-ну, Үкөк айылы – 8. 11. 1937, Фрунзе) – парт. ж-а мамл. ишмер; Кырг-ндын алгачкы Конституциясынын авторлору-

нун ж-а улуттук мамлекетти негиздөөчүлөрдүн, «Манас» эпосун орус тилине которуунун алгачкы демилгечилеринин бири. Нарын ш-ндагы орус-жерг. мектепинтернатын (1916), Ташкенттеги О. Азия коммунисттик ун-тин (1923), Москвадагы ВКП(б) БКнын алдындагы парт. мектепти (1926) бүтүргөн. 1917–20-ж.
Кум-Бел-Арал ж-а Орто-Токой менчик почта бекеттеринде күзөтчү, киречи, бекет башчысы, 1920–21-ж. Үчүке (Кочкор) болуштугунун аткаруу к-тинин, 1921–23-ж. Нарын уезддик партия к-тинин, 1924–25-ж. Түркстан АССР КП(б) Лепси ж-а Каракол уезддик шааркомунун, 1926– 27-ж. Кыргыз АССР КП(б) Каракол округдук к-тинин бөлүм башчысы, 1927–28-ж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин жооптуу редактору, 1928– 29-ж. ВКП(б) Кыргыз обкомунун бөлүм башчысы, 1929–30-ж. Кыргыз АССР жер иштер комиссары, 1930–33-ж. ВКП(б) Кыргыз өкмөтүнүн башчысы, 1933–37-ж. Кыргыз ССР (адегенде АССР) ЭКСтин төрагасы. Кыргыз АССР БАКка (1928– 37), СССР улуттар советине (1931–35), СССР БАКка ж-а анын Президиумуна (1935–37) мүчө. ВКП(б) БКнын 17-съездинин ж-а СССР Советинин атайын чакырылган 6-, 7-, 8-съезддеринин делегаты. 1937-ж. улутчул-контррев-ячыл топтун катышуучусу деген жалаа м-н камалган ж-а атуу жазасына тартылып, 1957-ж. актал-
ган. Бишкек ш-нда эстелиги орнотулуп, ысмы борбордун бир көчөсүнө ж-а Кочкор р-нунун бир айылына ыйгарылган.
А. Түркмөнов.