ИСАКОВ 2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКОВ Исабек (1. 9. 1933-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Кочкор айылы) – акын, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиң. кызматкер (1983), Кыргыз ССР эл агартуунун отличниги (1966), СССР журналисттер Союзунун (1959), Жазуучу­лар Союзунун мүчөсү (1963) Кыргыз. мамл. пед. ин-тун 1958-ж. бүткөн. 1952–66-ж. «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу секретарь, 1967-ж. «Кыргыз­стан маданияты» жумалыгында жооптуу сек­ретарь, башкы редактордун орун басары, 1973– 85-ж. башкы редактор, 1985–87-ж. «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер, 1993–99-ж. Чүй, Ысык-Көл, Нарын обл. б-ча адабий кеңеш­чи болуп иштеген. «Ороз менен короз» (1959), «Айга учам» (1967), «Учкул канат» (1959), «Күн менен сүйлөшүү», «Өмүр сапары» (1971), «Ме­кен мөмөлөр» (1977), «Алтын балалык» (1980), «Ата журт толкундары» (1983) ж. б. ырлар ж-а поэмалар жыйнактары, «Турсундун тамашасы» (1960), «Дыйкан жазы» (1969), «Тоо достору» (1970) повесть, аңгемелери жарык көргөн. «Жаш өмүрлөр» (1973), «Жол нурлары» (1978), «Күн жарыгы» (1990), «Сүйгөн жар» (2010) ж. б. ыр жыйнактардын автору. Айрым ыр жыйнакта­ры белорус, түркмөн, казак, өзбек, украин, кара калпак тилдерине которулган.