ИСАКОВ 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКОВ Исмаил (10. 6. 1950-ж. т., Ош обл., Алай р-ну, Сопу-Коргон айылы) – генерал-лей­тенант (2005).

Ташкент Жогорку жалпы аскер­дик командалык окуу жа­йын (1973), Марксизм-лени­низм ун-т ин (Венгри я, 1978), М. В. Фрунзе атн. ас­кер академиясын (1984), «Выстрел» жогорку офицер­дик курсун (1989), РФ Ку­ралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын аскер академия­сын (1996), Гуманитардык укуктук эл аралык ин-тту (Италия, 1998) бүтүргөн. 1973–76-ж. мотоаткычтар взводунун команди­ри, 1976–78-ж. аскерлердин түш. тобунда рота командири (Венгрия), 1978–81-ж. рота коман­дири, штаб башчысы-мотоаткычтар батальону­нун командиринин орун басары, батальон ко­мандири, 1984–92-ж. полк, база, дивизия штаб­дарынын ж-а полк командиринин башчысы, 1992–94-ж. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Баш­кы штабынын күжүрмөн даярдык башкармалы­гынын башчысы, 1994–99-ж. КРдин Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы – Кор­гоо министринин биринчи орун басары, 2005– 08-ж. КРдин Коргоо министри, 2008-жылдын ок­тябрь айына чейин КРдин Коопсуздук кеңеши­нин катчысы, 2010-жылдын апрель айынан КРдин Коргоо министринин милдетин аткаруу­чу, КРдин Убактылуу өкмөтүнүн мүчөсү. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000–05; 2010- жылдан). Аскерлерди даярдоо б-ча бир нече окуу куралдарынын ж-а методикалык сунуштардын автору.