ИСАМИДИНОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАМИДИНОВ Искендер (20. 1. 1952-ж. т., Чүй обл., Чүй р-ну, Кегети айылы) – педагог, педаго­гика илимд. кандидаты (1993), педагогика илимд. доктору (2005). КМУнун филология ф-тин бү­түргөн (1973). КРдин элге билим берүүсүнө эмг. сиң. кызматкер (2003), КРдин билим ж-а илим профсоюздук кыймылынын отличниги (2008), Бишкек шаардык кеңешинин депутаты (2004– 08). КМУнун филология ф-тинде окутуучу (1973– 80), декандын орун басары (1980–93), прорек­тор (1993–98), Ж. Баласагуни атн. КУУнун Адис­терди максаттуу даярдоо ин-тунун директору (1998–2000), КУУнун биринчи проректору (2000). 2008-жылдан Социалдык-гуманитардык илим­дер ин-тунун директору. Ил. ишинин негизги багыты – кыргыз мектептеринде ад-т теория­сын окутуу. Кыргыз ад-тын окутуунун методи­касына арналган 60тан ашуун ил. эмгектин, ил. методикалык макалалардын автору.


Эмг.: Кыргыз орто мектептеринде Ч. Айтматовдун чыгармаларын үйрөнүүнүн процессинде окуучулардын адабий-теориялык түшүнүктөрүн калыптандыруу, Б., 1993; Кыргыз мектептеринде адабият теориясын окутуу. Б., 2004.