ИСКАКОВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКАКОВ Издевалды (5. 5. 1948-ж. т., Ысык- Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Саруу айылы) – эко­номист, проф. (2006), экономика илимд. докто­ру (2010). Ленинград ун-тинин экономика ф-тин бүтүрүп (1973), Пржевальск педин-тунда муга­лим, кафедра башчысы, ошол эле учурда ин-т­та партбюронун секретары (1980–88), БУУда до­цент, окуу-тарбия иштери б-ча проректор (1989– 95), КУУда окутуучу (1995), 1999-жылдан мамл. ж-а муниципалдык башкаруу кафедрасынын же­текчиси. Анын ил.-из. багыты Кырг-ндагы өз алдынча башкаруу (МСУ) системасынын эко­номика ж-а финансы маселелеринин түптөлүшү­нө ж-а башкаруу процесстерин өнүктүрүүгө ар­налган.


Эмг.: Система корпоративного управления в Кыр­гызской Республике. Б., 2004; Экономические и фи­нансовые основы местного самоуправления в Кыр­гызской Республике. Б., 2006; Экономика местного самоуправления (теория, методология, практика). Б., 2008.