ИСКЕК БАЙЛООЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКЕК БАЙЛООЧ – кыз-келинге тиешелүү ис­кек сыяктуу кымбат баалуу ж-а майда кооз буюмдар илинип, оң же сол көкүрөккө тагылчу кооздук буюм. И. б-ту кыз-келиндер уздугуна жараша өздөрү жасап алган. Ал бети, тегереги саймаланып, берметтелип, жээги чачыланып, кооздолгон тукаба, нооту, лампук же түстүү жука булгаарыдан жасалган кичинекей тумар­ча, төрт бурчтуу, көп бурчтуу, жылдызча же тегерек түрүндө болгон. Анын төмөнкү жээгине бекитилген бир нече илмектүү күмүш же жезден жасалган ичке чынжырларга тиш чукуур, ой­мок, кулак чукуур, тырмак тазалагычка окшо­гон майда буюмдар илинген.