ИСКЕНДЕРОВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКЕНДЕРОВА Суусар (8. 5. 1953-ж. т., Чүй обл., Чүй р-ну, Арпа-Тектир айылы) – ад-т таануучу, филология илимд. доктору (2007), КР эл агар­туусунун отличниги (1996). 1974-ж. ОшМУнун филология ф-тин бүтүргөн. 1974–79-ж. Ош ш-н­дагы Ю. А. Гагарин атн. орто мектепте муга­лим, 1980–84-ж. ОшМУда окутуучу, 1984–87-ж. КМУнун кыргыз ад-ты кафедрасынын аспиран­ты, 1987–94-ж. ушул эле кафедрада окутуучу, улук окутуучу, доцент, 1994–2009-ж. БГУда ка­федра башчысы, 2009-жылдан проректор. 2 мо­нография, 60тан ашык ил. эмгектин, а. и. 2 ме­тодикалык окуу куралын автору.


Эмг.: Кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча мето­дикалык көрсөтмөлөр жана текшерүү иштеринин темалары (авторлош). Б., 1993; Н. Байтемировдун прозалары. Б., 1994; ХХ кылымга чейинки кыргыз кол жазма адабияты менен фольклорунун айрым маселелери. Б., 2005.