ИСКРА
И́СКРА – Чүй р-нундагы кыштак. Искра айыл округуна караштуу. Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 908 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а т. ж. бекети Токмок ш-нан 12 км чыгыш тарапта. Кыштак 1931-ж. негизделген. Калкы 2493 (2007); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана бар.
Чүй кушкана ф-касы, үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.