ИСКУССТВО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКУ́ССТВО , к ө р к ө м ч ы г а р м а ч ы­л ы к – дүйнө таанымдын көркөм образдар ар­кылуу элестүү чагылдырылуучу бир формасы;


адамзаттын рухий мад-ты м-н чыг-лык кызма­тынын маанилүү элементи. И-го сүрөт өнөрү, му­зыка, театр, көркөм ад-т, кино, арх-ра, скульп­тура кирет. И. коомдук-тарбиялык мааниге ээ болуп, адамдын акыл-эсине, ой-сезимине, кыя­лына таасир этет, коомдук турмушта ж-а со­циалдык күрөштө айрыкча чоң роль ойнойт. И. адамзат коому м-н кошо өнүгүп, анын мате­риалдык өсүшүн чагылдырат, коомдук аң-сезим­ди калыпка салууга көмөктөшөт, идеол. куралга айланат. И-до турмуш көркөм формада чагыл­гандыктан, ал эстетиканын негизги объектиси болот. Фактыга гана таянууга милдеттүү бол­гон илимден ж-а документтен айырмаланып, И. көркөм чындыкты жаратууда жетишерлик эр­кин болот. Антикалык доордо И. табиятка ка­рама-каршы коюлган, бирок Аристотель «Поэ­тикасында» көркөм чыг-лыктын негизинде адам­дын жаратылышты тууроого умтулуусу жатат деп ырастаган. О. кылымда сүрөткер көрүнүш, кубулуштарды сырткы көрүнүш эле эмес, баа­рынан мурда алардын маани-маңызын ачып берүүгө тийиш болгон. Кайра жаралуу доорунда сүрөткерлер ички ж-а тышкы дүйнөнүн, факт м-н ойдон чыгаруунун ортосундагы шайкештик­ке жетүүгө умтулушкан. 18–19-к-дын чегинде айланасындагы эмпирикалык чындыкка көз каранды болбой, өзүнүн чындыгын жаратуучу эркин чыгармачыл сүрөткер концепциясы тү­зүлгөн. Бул концепцияны толук өздөштүрүшкөн романтизм өкүлдөрү эмпирикалык күнүмдүк чындыктан сырткары жогорку реалдуулукка жетүү мүмкүнчүлүгүн ачып жатабыз деп эсеп­тешкен. Алардан кийинки 19–20-к-дагы реализм м-н натурализмди туу туткандар, тескерисин­че, реалдуулукту фактыларга жетүү аркылуу, сезилген, көрүнгөн кубулуштар, окуялар аркы­луу берүүгө умтулушкан. Адамдын көркөм чыг­лык кызматы И-нун ар кандай түрүндө же жан­рында жүзөгө ашат. Аларды үч топко бөлүп ка­роого болот: 1) м е й к и н д и к к е жайгашты­рыл уу чу же пласт ик ал ык И . (жи вопи сь, скульптура, графика, көркөм фотография, арх­ра, жасалга-колдонмо өнөрү ж-а дизайн) өзү­нүн образдарын мейкиндикке жайгаштырат; у б а к ы т (сөз же музыка) аралыгында уюштурулуучу И-до образдар реалдуу мей­киндикке эмес, убакыт өлчөмүнө көз каранды; у б а к ы т ж-а м е й к и н д и к айкалы­шып кеткен И-до (бий, театр, кино, эстрада, цирк ж. б. ) бир эле мезгилде убакытты, материяны, кыймылды өзүнө камтыйт. И-нун түрлөрү бири­биринен формасы, мазмуну, көркөм аңдап билүү объекти, коомдук ж-а эстетикалык функция­сы, турмушту чагылдыруу ж-а таасир этүү мүмкүндүгү б-ча кандайдыр бир деңгээлде айыр­маланат. Алсак, а д а б и я т т ы н аңдап билүү, коомдук-тарбиялык мүмкүндүгү ченем­сиз бай, анткени анын өзүнө тиешелүү көркөм чагылдыруу каражаты (ийкемдүү тил) ойдун каалаган жагын ачып берүүгө кудурети жетет. К ө р к ө м с ү р ө т И-сунда (живопись, скульп­тура, графика) образдар көз м-н кабылдоого негизделген. М у з ы к а добушту пайдалан­гандыктан, анын образдары белгилүү убакыт ичинде өнүгөт да, артыкчылыгы – адамдын ой толгоосун муз. добуштар м-н баяндап, зор эмо­циялык күч м-н таасир эткендигинде. И-нун бул түрлөрүнүн каражаттарын синтездештирген т е а т р, к и н о ө н ө р ү н актёрлордун жардамы м-н бир эле учурда көп эл кабыл алат. Жогоркулардан башка адамдын сезими м-н та­битин тарбиялоочу арх-ра, жасалга-колдонмо, сүрөт өнөрү м-н арх-ранын синтезинен жарал­ган монументтик И., адамзаттын тарыхы м-н эриш-аркак өнүгүп, маданий бөтөнчөлүктү анык­тоочу э л ч ы г а р м а ч ы л ы г ы сыяктуу түрлөрү бар. И-нун кинодон башка түрлөрү ал­гачкы доордо эле пайда болуп, түрлөргө ж-а жанрларга тарамдалып, И. тармагы б-ча адис­тер иштей баштаган.


Ад.: Буров А. И. Эстетическая сущность искусства. М., 1956; Поспелов Г. Н. О природе искусства. М., 1970; Гнедич П. П. Всемирная история искусств. М., 1999; Выготский Л. С. Психология искусства. М., 2001; Габричевский А. Г. Морфология искусства. М., 2002.

Э. Турдубекова.