«ИСКУССТВО ИСКУССТВО ҮЧҮН»

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ИСКУССТВО ИСКУССТВО ҮЧҮН» , «т а з а и с­к у с с т в о» – көркөм чыг-лык (иск-во) коом­дук турмуш м-н саясатка көз каранды болбой, көпчүлүк элдин мүдөөсү үчүн күрөшкө катыш­пай, жалаң гана абстракттуулук, сулуулук, тур­мушка байланышсыз көркөмдүк үчүн кызмат кылууга тийиш деген эстетикалык-теориялык көз караштын жалпы аты. 19-к-дын орто ченин­де Францияда теория болуп түзүлгөн (Т. Готье, «Парнас» тобу). Биринчи жолу француз жазуу­чусу Б. Констандын күндөлүгүнө (1804; И. Кант­тын эстетикалык көз караштарга байланыш­туу эскерүүсү): «Искусство искусство үчүн мак­сатсыз, анткени ар кандай максат иск-вону бур­малайт» – деп жазган. Россияда 19-к-дын орто­сунда «И. и. ү.» урааны иск-водогу «гоголдук багытка», б. а. социалдык-сынчыл багытка кар­шы коюлган (А. В. Дружинин, П. В. Аннен­ков, В. П. Боткин). Көркөм чыг-лыктагы коом­дук проблематиканы эсепке албоочулукка алып келген «И. и. ү.» идеясын орустун рев-ячыл де­мократтары ж-а ад-т таануу өкүлдөрү сынга алышкан.