ИСКУССТВО ТААНУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКУ́ССТВО ТААНУУ – кең мааниде – коом­дун бүткүл көркөм мад-тынын, о. эле иск-во­нун жалпы закон ченемдерин, объективдүү өнү­гүү логикасын, коом м-н карым-катышын, адам­га тийгизген таасирин, көркөм чыгарманын маз­муну ж-а формасы сыяктуу маселелерди изил­дөөчү илимдер комплекси. Ушул мааниде И. т-га ад-т таануу, музыка таануу ж. б. кирет. Ал эми тар маанисинде – пластикалык ж-а


мейкиндик иск-восу (арх-ра, живопись, гра­фика, жасалга ж-а колдонмо) ж-дөгү илим. И. т. сүрөт иск-восу, арх-ра, жасалга ж-а колдонмо өнөрү ж-а дизайндын көп аспекттерин изилдейт. И. т. үч бөлүмдөн турат: иск-во тарыхы, теория­сы, көркөм сын. Иск-во тео-риясы социалдык­филос. көз караштарды ж-а жалпы түшүнүк­төрдү пластика өнөрүнүн ж-а анын айрым түр­лөрүнүн өзгөчөлүктөрүнө жараша колдонуп, иск­вонун идеялык мазмуну, көркөм методу, фор­малары, сүрөттөө каражаттары, технологиясы сыяктуу маселелерин изилдейт. Көркөм сын – өз заманындагы турмуш көрүнүштөрүн, багыт­тарын, түрлөрүн, сүрөткердин чыг-лыгын ж-а айрым чыгармаларды талдап баа берет; иск-во көрүнүштөрүн турмуш м-н мезгилдин коомдук идеялары м-н өлчөп, ага ылайыктыгын анык­тайт. И. т. өз корутундулары м-н жыйынтык­тары обьективдүү ж-а так болушуна умтулуп, коомдук ж-а бир катар так илимдердин мето­дун пайдаланат; тигил же бул доордун көз ка­рашын ж-а табитин чагылтат. И. т. 16–19-к-да өзүнчө илим болуп бөлүнгөн. Туңгуч теор. эм­гектер Байыркы Грекияда жазылган, аларда иск­вонун көптөгөн маанилүү теориялары м-н та­рыхына аныктама берилген. И. т-нун илим ка­тары калыптанышына Кайра жаралуу доору маанилүү роль ойногон. Кырг-нда улуттук иск­вонун гүлдөп-өсүшү м-н байыркы эстеликтерди сактоого, музей курулуштарына, көркөм мурас­ка, эл чыг-лыгын изилдөөгө, элдик өнөрдү өнүк­түрүүгө көп көңүл бөлүнүүдө.


Ад.: Базен Ж. История искусства: от Вазари до наших дней. М., 1995. Гращенков В. Н. История и историки искусства. М., 2005.