ИСКУССТВОДОГУ СИНТЕЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСКУССТВОДОГУ СИ́НТЕЗ – адам турмушунун материалдык ж-а рухий чөйрөсүн эстетикалык жактан уюштурган иск-во түрлөрүнүн бир бүтүн көркөм ансамблге биригиши. Алардын идеялык, көз караштык, образдык ж-а композициялык биримдиги, кеңдикти ж-а убакытты көркөм уюштуруудагы жалпылыгы, масштабдардын, пропорциялардын, ыргактардын өз ара макул­дугу көркөм көрүнүштү кабылдоону активдеш­тирет; адамга көп жактуу эмоциялуу таасир тийгизет. И. с-ге жасалга-колдонмо ж-а станок­тук өнөрдүн үлгүлөрү да катышат. Убакыт иск­восунун (поэзия, музыка) синтези вокалдык ж-а театр өнөрү (ыр, романс, кантата, орато­рия, опера ж. б.) программалуу аспап музыка­сында түзүлөт. Театр м-н кино табиятында син­тездик өнөргө кирет. Синтез ар кандай түрдө жүзөгө ашат: иск-вонун бир түрүнүн ичинде (ми с., документ фильмдин каражаттарын көркөм фильмге колдонуу) же иск-во жанрла­рынын ортосунда (мис., кинематогр. көрүнүш­төрдү театрда пайдалануу). И. с-де алардын ролу ар кандай: кээде бир түрү доминанттык милдет­ти аткарат (мис., Египет арх-расы живопись, скульптураны багындырып турат) же бир иск­во сапат жагынан өзгөчө орунда (мис., класси­цизм иск-восунун архитектоникалуулугу, пла­стикалуулугу, байыркы грек иск-восунун плас­тикалуулугу, бароккодогу живопистүүлүк) ту­рат. Айрым тарыхый доорлордо иск-вонун түрлөрү бири-бирине эриш-аркак жашайт (мис., готика арх-расы м-н скульптурасы), бири-бирин шайкеш толуктайт, бири бирине контрасттуу салыштырма абалда турат (20-к-дын көпчүлүк курулуштары). Алгачкы доорго синкретизм – адам ишмердиги ж-а ырым-жырым, жөрөлгө м-н тыгыз байланышкан иск-во түрлөрүнүн бири­биринен ажырабагандыгы мүнөздүү. Иск-во түрлөргө бөлүнө баштаганда, алардын бири-би­рин толуктоо мүмкүндүктөрү ачылып, синтезге умтулуу касиети пайда болот. Сүрөт өнөрүнүн, сөз чыг-лыгынын, музыканын элементтерин бир ойго багындырган храм жөрөлгөлөрү, о. эле үрп-адат аракеттери Байыркы Чыгыштан бери И. с-дин башталышы катары белгилүү; Египет курулушунун өтө зор көлөмүнө адамдын аң-се­зиминин жеңишин даңазалаган Грекия арх­расы м-н скульптурасынын шайкештиги кара­ма-каршы келет. О. кылымда храмдардын ичи мозаика, фреска, готикалык имарат витражда­ры м-н жасалгаланган. Соңку готика, кайра жаралуу доорунда иск-во жекелештирилип, анын түрлөрүнүн мааниси көтөрүлгөн. Улуу че­берлердин (Браманте, Рафаэль, Микеланжело, Л. Бернини) чыгармаларында иск-во түрлөрүнүн ансамблге биригишинин жол-жобосу иштелип чыккан. Рококо ж-а 18-к-дагы агартуу класси­цизминде жасалга жашоо чөйрөнү уюштурууга кызмат кылган. 20-к-да ири мемориалдык ку­рулуштарга, көргөзмө комплекстерине, фести­валдарга байланыштуу синтез б-ча олуттуу иш жүргүзүлгөн. 1930-жылдардан Москва метро­политенинин, Бүткүл союздук а. ч. көргөзмөсү (азыр Бүткүл россиялык көргөзмө борбору) ку­рулушу м-н И. с-дин актуалдуулугу күч алган. И. с-дин үлгүлөрү Кырг-нда 60–70-жылдарда түзүлө баштады.


Ад.: Синтез искусств в архитектуре. Сб. М., 1963; Громов Е. С. Современный кинематограф и проблема синтеза искусств // Кинематограф сегодня. Сб. М., 1967; Синтез искусств и архитектура общественных зданий. Сб. М., 1974.