ИСКУССТВОДОГУ СИНТЕЗ
ИСКУССТВОДОГУ СИ́НТЕЗ – адам турмушунун материалдык ж-а рухий чөйрөсүн эстетикалык жактан уюштурган иск-во түрлөрүнүн бир бүтүн көркөм ансамблге биригиши. Алардын идеялык, көз караштык, образдык ж-а композициялык биримдиги, кеңдикти ж-а убакытты көркөм уюштуруудагы жалпылыгы, масштабдардын, пропорциялардын, ыргактардын өз ара макулдугу көркөм көрүнүштү кабылдоону активдештирет; адамга көп жактуу эмоциялуу таасир тийгизет. И. с-ге жасалга-колдонмо ж-а станоктук өнөрдүн үлгүлөрү да катышат. Убакыт исквосунун (поэзия, музыка) синтези вокалдык ж-а театр өнөрү (ыр, романс, кантата, оратория, опера ж. б.) программалуу аспап музыкасында түзүлөт. Театр м-н кино табиятында синтездик өнөргө кирет. Синтез ар кандай түрдө жүзөгө ашат: иск-вонун бир түрүнүн ичинде (ми с., документ фильмдин каражаттарын көркөм фильмге колдонуу) же иск-во жанрларынын ортосунда (мис., кинематогр. көрүнүштөрдү театрда пайдалануу). И. с-де алардын ролу ар кандай: кээде бир түрү доминанттык милдетти аткарат (мис., Египет арх-расы живопись, скульптураны багындырып турат) же бир искво сапат жагынан өзгөчө орунда (мис., классицизм иск-восунун архитектоникалуулугу, пластикалуулугу, байыркы грек иск-восунун пластикалуулугу, бароккодогу живопистүүлүк) турат. Айрым тарыхый доорлордо иск-вонун түрлөрү бири-бирине эриш-аркак жашайт (мис., готика арх-расы м-н скульптурасы), бири-бирин шайкеш толуктайт, бири бирине контрасттуу салыштырма абалда турат (20-к-дын көпчүлүк курулуштары). Алгачкы доорго синкретизм – адам ишмердиги ж-а ырым-жырым, жөрөлгө м-н тыгыз байланышкан иск-во түрлөрүнүн бирибиринен ажырабагандыгы мүнөздүү. Иск-во түрлөргө бөлүнө баштаганда, алардын бири-бирин толуктоо мүмкүндүктөрү ачылып, синтезге умтулуу касиети пайда болот. Сүрөт өнөрүнүн, сөз чыг-лыгынын, музыканын элементтерин бир ойго багындырган храм жөрөлгөлөрү, о. эле үрп-адат аракеттери Байыркы Чыгыштан бери И. с-дин башталышы катары белгилүү; Египет курулушунун өтө зор көлөмүнө адамдын аң-сезиминин жеңишин даңазалаган Грекия архрасы м-н скульптурасынын шайкештиги карама-каршы келет. О. кылымда храмдардын ичи мозаика, фреска, готикалык имарат витраждары м-н жасалгаланган. Соңку готика, кайра жаралуу доорунда иск-во жекелештирилип, анын түрлөрүнүн мааниси көтөрүлгөн. Улуу чеберлердин (Браманте, Рафаэль, Микеланжело, Л. Бернини) чыгармаларында иск-во түрлөрүнүн ансамблге биригишинин жол-жобосу иштелип чыккан. Рококо ж-а 18-к-дагы агартуу классицизминде жасалга жашоо чөйрөнү уюштурууга кызмат кылган. 20-к-да ири мемориалдык курулуштарга, көргөзмө комплекстерине, фестивалдарга байланыштуу синтез б-ча олуттуу иш жүргүзүлгөн. 1930-жылдардан Москва метрополитенинин, Бүткүл союздук а. ч. көргөзмөсү (азыр Бүткүл россиялык көргөзмө борбору) курулушу м-н И. с-дин актуалдуулугу күч алган. И. с-дин үлгүлөрү Кырг-нда 60–70-жылдарда түзүлө баштады.
Ад.: Синтез искусств в архитектуре. Сб. М., 1963; Громов Е. С. Современный кинематограф и проблема синтеза искусств // Кинематограф сегодня. Сб. М., 1967; Синтез искусств и архитектура общественных зданий. Сб. М., 1974.