ИСЛАНДИЯ ДЕПРЕССИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСЛА́НДИЯ ДЕПРЕССИЯСЫ , И с л а н д и я м и н и м у м у – Атлантика океанынын түн. бөлүгүндөгү атм-нын төмөнкү басымдуу облусу. Түн. жарым шардагы атм-нын аракеттеги не­гизги борборлорунун бири. Негизинен кышкы мезгилде болот. И. д-нын таасиринен Атланти­ка океанынан соккон нымдуу аба Батыш Евро­панын басымдуу бөлүгүндө деңиздик климаттын түптөлүшүнө өбөлгө түзөт. Климаттык карта­ларда анын негизги борбору Исландия м-н Түш. Гренландиянын аралыгына жайгаштыры­лат. И. д-нын борборунда январдагы басымдын өлчөмү 1000 гПадан төмөн.