ИСМАИЛОВ 1
ИСМАИЛОВ Асейин (10. 3. 1937, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Барскон айылы – 22. 2. 2008, Бишкек) – философ, философия илимд. доктору (1984), проф. (1989). КМУну (1961), СССР ИАнын философия ин-тунун аспирантурасын (1973) бүтүргөн. 1968–69-ж. КМУнун философия кафедрасында окутуучу, 1974–76-ж. Н. Э. Бауман атн. МТЖОЖдо, ошол эле учурда Н. Э. Циолковский атн. авиац. тех. ин-тунда окутуучу, 1976–85-ж. РСФСР Эл агартуу министрлигинин Улуттук мектептер аралык ИИИде кызматкер, 1978–81-ж. Моңгол мамл. ун-тинде проф.-консультант, 1987–91-ж. СССР Элге билим берүү мамл. к-тинин жогорку мектебинин Жаштарга патриоттук жана интернационалдык тарбия берүүнүн диалектикасы ил.-из. лабор-сынын, 1987-жылдан КМУнун философия кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 170тен ашуун ил. эмгектин (а. и. 10 монография) автору. Эмгектери негизинен улуттар ортосундагы мамилелерге ж-а филос., социол. талдоонун объектиси катары турмуш-тиричилик чөйрөсү м-н өндүрүштөн сырткары мамилелерди изилдөөгө арналган.
Эмг.: Кыргыз элинин тарыхынын философиясы, Б., 2004; Философия духа кыргызского народа, Б., 2002; Философия истории кыргызского народа. Б., 2004.