ИСМАИЛОВ 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСМАИЛОВ Асейин (10. 3. 1937, Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Барскон айылы – 22. 2. 2008, Бишкек) – философ, философия илимд. доктору (1984), проф. (1989). КМУну (1961), СССР ИАнын философия ин-тунун аспирантурасын (1973) бүтүргөн. 1968–69-ж. КМУнун философия кафедрасында окутуучу, 1974–76-ж. Н. Э. Бау­ман атн. МТЖОЖдо, ошол эле учурда Н. Э. Циол­ковский атн. авиац. тех. ин-тунда окутуучу, 1976–85-ж. РСФСР Эл агартуу министрлигинин Улуттук мектептер аралык ИИИде кызматкер, 1978–81-ж. Моңгол мамл. ун-тинде проф.-кон­сультант, 1987–91-ж. СССР Элге билим берүү мамл. к-тинин жогорку мектебинин Жаштарга патриоттук жана интернационалдык тарбия берүүнүн диалектикасы ил.-из. лабор-сынын, 1987-жылдан КМУнун философия кафедрасынын башчысы болуп иштеген. 170тен ашуун ил. эм­гектин (а. и. 10 монография) автору. Эмгектери негизинен улуттар ортосундагы мамилелерге ж-а филос., социол. талдоонун объектиси ката­ры турмуш-тиричилик чөйрөсү м-н өндүрүштөн сырткары мамилелерди изилдөөгө арналган.


Эмг.: Кыргыз элинин тарыхынын философиясы, Б., 2004; Философия духа кыргызского народа, Б., 2002; Философия истории кыргызского народа. Б., 2004.