ИСПАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСПАНДАР (өздөрүн эспаньолес деп аташат) – эл, Испаниянын жерг. калкы. Европа өлкөлө­рүндө (Германия, Франция, Швейцария, Порту­галия, Италия), Латын Америкасында (Арген­тина, Мексика, Бразилия), Түн. Америкада (Ка­нада) ж-а Австралияда да жашашат. Жалпы саны 50 млн киши, а. и. Испанияда 40 млндой (2006). Испан тилинде сүйлөшөт. Христиан ди­нинин католик тармагын тутушат. И. м-н бир­дикте автономия укугуна ээ болгон аймактарда тилдик, улуттук өзгөчөлүгүн сактап калган су­бэтностук топтор (каталондор, галицийлер, баск­тар ж. б.) жашашат. Б. з. ч. 1-миң жылдыкта Пиреней ж. а-на көчүп келген ибер, кельт уруу­лары И-дын этностук курамын түзгөн. Рим

империясынын тушунда (б. з. ч. 2-к. – б. з. 5-к.) Пиреней ж. а-ндагы урууларды романдаш­тыруу саясаты жүргүзүлгөн. 5–6-к-да журт ко­торуп келген герман уруулары да жерг. калк м-н ассимиляцияланган. О. эле 711–718-ж. Ис­панияга басып кирген арабдар, берберлер да ис­пан этносунун калыптанышына таасирин тий­гизген. 19-к-дын аягында испан эли улут болуп түзүлгөн. Латын Америкасынын азыркы эл­деринин (бразилиялыктардан башкасы) этнос­тук калыптанышына И. чоң таасир тийгизген. И-дын негизги кесиби – дыйканчылык, мал чар­бачылык ж-а балыкчылык. Өлкө аймактары­нын геогр. шартына карай И-дын турак үйлөрү ар түрдүү. Түш. аймактарда И. байыркы мезгилде жер төлөлөрдө, түн.-батышында үстү саман м-н жабылган, тегерек сымал үйлөрдө (пальясо), кийинчерээк түн. бөлүгүндө дубалы топурактан согулуп же кыш ж-а таштан тургузулган эки кабат үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы ка­баты чарбачылыкка, үстүңкү кабаты үй тири­чиликке ылайыкташтырылган. Улуттук ки­йимдери – эркектери тизеге чейин кыска шым, ак көйнөк, ар түрдүү үлгүдөгү желетке ж-а курт­ка кийип, белине матадан белбоо байланган. Башына кең жээктүү кийиз же чий калпак, бу­туна булгаарыдан жасалган же эспартодон то­кулган бут кийим кийген. Аялдары түрдүү түстө саймаланган узун көйнөк, кенен тигилген бел­демчи, алжапкыч, кыска куртка, айрым жер­лерде сарафан, башына жоолук салынып же жа­мынгыч оронушат. Тамак-ашы негизинен эт, балык ж-а жашылча-жемиш азыктарынан даяр­далып, суусундук катары кофе, сүт, апельсин, лимон ж-а жүзүм ширелери көбүрөөк колдону­лат. И. жаз карнавалы, диний ж. б. майрам­дарды майрамдоодо ярмаркалар уюштурулуп, корридалар аренага чыгат. Театрлаштырылган оюндар көрсөтүлөт. И-дын элдик бийи – фла­менко.

Ш. Керимова.