ИСПАНИЯ
ИСПА́НИЯ (Еspana), И с п а н и я К о р о лд у г у (Reino de Espana) – Европанын түш.- батышындагы өлкө; негизинен Пиреней ж. а-н, о. эле Жер Ортолук деңиздеги Балеар ж-а Питиус, Атлантика океанындагы Канария а-н ээлейт. Түндүгүнөн Биская булуңу, түн.-батышы-

нан ж-а түш.-батышынан Атлантика океаны, чыгышынан ж-а түштүгүнөн Жер Ортолук деңиз м-н чулганат. Түн.-чыгышында Пиреней тоолору аркылуу Франция ж-а Андорра, батышында Португалия, түштүгүндө Гибралтар м-н чектешет. Аянты 505,99 миң км2 (Сеута м-н Мелильяны кошкондо – 506,03 миң км2). Калкы 44,9 млн (2007). Борбору – Мадрид ш. Расмий тили – испан тили; автономия облустарында расмий тил укугуна о. эле баск (Басктар өлкөсү, Наварра), галисия (Галисия), каталония (Каталония, Балеар а-дары, Валенсия) тилдери ээ. Акча бирдиги – евро (2002-ж. чейин песета). Адм.-айм. жактан 50 провинцияга ажыраган 17 автономия облуска бөлүнөт (к. таблицаны). Африканын түн. жээгиндеги 2 шаар – Сеута ж-а Мелилья автономия облус катары И-га түз баш иет. И. – БУУнун (1955), Европа советинин (1977), ЕККУнун (1973), НАТОнун (1982), ЭВФтин (1958), Эл аралык реконструкция ж-а өнүктүрүү банкынын (1958), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа союзунун (1986) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. И – унитардык өлкө.
Башкаруу формасы – парламенттик монархия. Конституциясы 1978-ж. күчүнө кирген. Мамлекет башчысы – король. Мыйзам чыгаруу милдетин ж-а өкмөттүн иш-чараларын контролдоону Башкы кортес (парламент) ишке ашырат. Кортес эки палатадан: Сенаттан ж-а Депутаттар конгрессинен турат. Аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган өкмөткө таандык. Саясий партиялары: И. соц. жумушчу партиясы, Элдик партия, Баск улуттук партиясы, Конвергенция ж-а Союз каталон партиясы, Бириккен солчулдар.
Табияты
. И-нын аймагынын 5/ бөлүгүнөн ашыгын Пиреней жарым аралы, Жер Ортолук деңиздеги Балеар аралдары ж-а Атлантика океанынын африкалык жээгине жакын жайгашкан Канария аралдары ээлейт. И. Батыш Европадагы көтөрүңкү жайгашкан өлкө. Басымдуу бөлүгүн тоолор ж-а бөксө тоолор ээлейт; жеринин бетинин 1/ инен ашыгы деңиз деңг. 1000 мден жогору. Өлкөнүн ички бөлүгүн рельефи татаал, жазы бөксө тоо – Месета ээлейт. Ал туш тарабынан ири кырка тоолор м-н курчалган. Месетанын түндүгүндө Бискайя булуңун жээктей Кантабрия тоолору (бийикт. 2648 м, Серредо чо-

кус у), т үн.-чыгышында Иберия тоолору, Жер Ортолук деңизди бойлой Каталон тоолору, Андалусия тоолору (Муласен чокусу, бийикт. 3482 м, Пиреней ж. а-нын эң бийик жери), түн.-чыгыш четжакасынан Пиреней тоолору (эң бийик жери 3404 м; Ането чокусу) ж-а Кантабрия тоолору орун алган. Ойдуңдар (Андалусия, Арагон, Валенсия, Мурсия) негизинен деңиз жээктеринде жайгашкан. И-нын басымдуу бөлүгү негизин герцин бүктөлүшү түзгөн жаш платформа болуп саналат. Жери кен байлыктарга бай, анын маанилүүлөрү: жез, коргошун, цинк, алтын, күмүш, ни кель, нефть, газ, таш ж-а күрөң көмүр.
Климаты негизинен субтропиктик жер ортолук деңиздик, ички аймактары кургак, Атлантика океаны жак жээктери мелүүн

океандык. Климатынын түзүлүшүнө тоолуу ж-а көтөрүңкү рельеф, Атлантика океаны ж-а Африканын жакын жайгашкандыгы таасир тийгизет. Январдын орт. темп-расы 4–12°С, июлдуку 23–29°С. И-нын көп бөлүгүндө жылдык жаан-чачыны 300–500 мм (эң көбү кышында), тоолордо ж-а батыш жээктеринин айрым жерлеринде 1000 ммден ашык. Дарыяларынын суу-

су кышкысын мол болуп, жайында өтө тартылат. Ири дарыялары: – Тахо, Дуэро (И-да жогорку ж-а ортоңку агымдары), Эбро, Гвадалквивир, Гвадиана; негизинен сугатка пайдаланылат. Жер ортолук деңиз бадалы ж-а токой, тоо-


лорун жазы ж-а ийне жалбырактуу токой, бийик тоолору м-н дарыя өрөөндөрүн шалбаа ээлейт. И-нын аймагынын 45%инде токой ж-а бадал өсөт. 550дөн ашык аймак (өлкөнүн аянтынын 8%и) коргоого алынган; анын 30дан ашыгы – улуттук парктар ж-а коруктар. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Гарахонай, Тейде (экөө тең Канария а-нда), Доньяна (Андалусия ойдуңунда), табигый-маданий мурас жерлерге Пиреней тоолорундагы Монте-Пердидо тоосу (Франция м-н бирдикте), Пальмераль – курма пальмасы токою (Эльче ш-на жакын), о. эле Ивиса а. кирет.
Калкы
. Калкынын 90,7%и – испандар. И-да 4,14 млндон ашык чет өлкөлүктөр жашайт; а. и. марокколуктар, эквадордуктар, англистер, колумбиялыктар, немистер басымдуу. Калктын табигый өсүүсү 0,18% (2006). И-да 15 жашка чейинки балдар 14,3%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 64%ти, 65 жаштан ашкандар 16,7%ти түзөт. Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 88,7 киши (2007). Жер ортолук деңиз жээгинде, Андалусия ойдуңунда, Галисиянын батыш жээктеринде ж-а аралдарында калк өтө жыш (1 км2 жерге 200 адамдан ашуун), борб. тоолуу бөлүктөрүндө сейрек (1 км2 жерге 10 кишидей) отурукташкан. Шаар калкы –76,6%тей (2004). Ири шаарлары: Мадрид (калкы 3,2 млн, агломерациясы м-н 6,1 млн; 2007), Барселона (1,6 млн; 4,9 млн), Валенсия (815,3 миң; 1759,4), Севилья (705,2 миң; 1,3 млн), Сарагоса (665,4 миң), Малага (558,8


миң), Мурсия (423,7 миң). И-нын калкынын 95%ке жакыны католиктер; 5%тейи башка конфециялардын (негизинен протестанттар) ж-а диний топтордун өкүлдөрү. Экон. активдүү калкы 21,58 млн (2006). Экономикада иштегендердин (19,75 млн) 65,6%и тейлөө чөйрөсүндө, 16,7%и ө. ж-нда, 12,9%и курулушта, 4,8%и а. ч-нда, токойчулукта, аңчылык ж-а балык уулоодо эмгектенет.
Тарыхы
. И. аймагында адам төмөнкү палеолитте (б. з. ч. 400–100-миң жылдыктарда) эле жашап, темир дооруна өтүү мезгилинде (б. з. ч. 700–500-жылдар аралыгы) Ибер мад-ты калыптанып, ал Жер Ортолук деңиз жээгине тараган. Б. з. ч. 7-к-дан И-нын түш. ж-а чыгыш жээктери финикийлер м-н гректердин колониясына айланып, б. з. ч. 3-к-дын аягынан И-нын көп жери Карфагенге, б. з. ч. 2-к-дын башынан Римге караган. Узакка созулган (б. з. ч. 2-к. – б. з. 5-к-нын ортосу) Рим бийлиги И-ны романдаштырууну жүргүзгөн. 409-ж. И-га вандал, алан (429-ж. Африкага сүрүлгөн) ж-а свевдер басып кирип, өлкөнүн түн.-батышында свевдер королдугун түзгөн. Пиреней ж. а-нын көп бөлүгү Батыш Рим империясынын үстөмдүгүн формалдуу түрдө гана тааныган испан-рим ак сөөктөрүнүн бийлигинде калган. 5-к-дын орто ченинен И-нын дээрлик бардык аймагын вестготтор басып алып, 6-к-дын башында Галлиядан И-нын Иоледо ш-на Вестгот королдугунун борборун көчүрүп келген. 6-к-дын аягында Рим-католик чиркөөсү королдуктун мамл. чиркөөсүнө айланган. 711–718-ж. Түн.

Африкадан кол салган арабдар Пиреней ж. а-н (түндүктөн башкасын) бүт дээрлик басып алып, Омейяд халифатынын курамында эмирлик түзүшкөн. 718-ж. арабдарга каршылык көрсөтүү борбору – Астурия королдугу түзүлүп, Реконкистага (Пиреней ж. а-нан арабдар басып алган жерди жерг. калктын кайра тартып алуу күрөшү) жол ачылган. И-дагы араб мамлекети (Кордова халифаты) Абдаррахман IIIнүн тушунда (912– 961-ж. сураган) бир топ күч алган. 10-к-дын аягында борб. бийликтин күчү начарлап, 1031-ж. Кордова халифаты майда көп эмирликтерге бөлүнгөн. Бул Реконкистанын ийгиликтүү жүрүшүнө шарт түзүп, көз карандысыз И. мамлекеттеринин (Леон, Кастилия, Наварра, Арагон ж. б. королдуктар) биригишин тездетип, 1479-ж. бирдиктүү И. мамлекети түзүлгөн. Реконкиста 1492-ж. Пиреней ж. а-ндагы арабдардын акыркы таянычын – Гранаданы алуу м-н аяктаган. И-да абс. монархия калыптана баштаган. Еретиктерди катуу куугунтуктаган инквизиция киргизилген (1480). Реконкиста аяктаган соң, бийлик кирешенин жаңы булактары
үчүн күрөшкөн. Х. Колумб Американы ачкандан (1492) кийин, испандар 16-к-дын 1-жарымында Борб. ж-а Түш. Американын Мексика, Боливия, Перу сыяктуу бир топ жерин каратып, колониялык империясын түзгөн. Америкадан талап алынган ж-а кулдардын арзан эмгеги м-н табылган алтын м-н күмүш И-га ташылган. И. Европадагы ээликтерин (Неаполитан королдугун, Сицилияны ж. б. каратуунун эсебинен) кыйла кеңейтип, дүйнөлүк ири державага айланган. Американы колонияга айландыруу И-нын экономикасына адегенде оң таасир тийгизген. Бирок 16-к-дын ортосунда И-нын экономикасы начарлап, тышкы саясаты да кризиске учураган. Англия м-н болгон согушта (1588) «Жеңилбес армада» деп аталган испан флоту талкаланган; 16-к-дын аягында Франциядагы диний согушта көздөгөнү ордунан чыккан эмес. 1566-ж. Нидерландда бурж. рев-я чыгып, Түн. Нидерланд И-дан 1581-ж. бөлүнгөн. Англия м-н болгон согуштарда (16–17-к.) деңизге
үстөмдүк кылуу укугунан ажыраган.
-к-дын башынан И. ж-а ага караштуу жерлер Франция, Улуу Британия, Австрия ж. б. державалардын күрөш объектисине айланган. Карл II өлгөндөн кийин (1700), Испан мурасы
үчүн жалпы европ. согуш (1701–11) башталып, ал Бурбондор династиясынын негиздөөчүсү Филипп Vнин (француз королу Людовик XIVнүн небереси) бийлигинин орношу ж-а И-нын Европадагы ээликтерин бөлүштүрүү м-н бүткөн. 18- к-дын 60–80-жылдарында Карл IIIнүн (1759– 88-ж. башкарган) тушунда агартуучул абсолютизм багытында реформа жүргүзүлүп, И-дан иезуиттер куулган (1767); протекционисттик бажылар киргизилген; Местанын артыкчылыгы
бир аз чектелген. И. эл аралык мамилелер жаатында Францияга ыктап, Улуу Британияга каршы согушкан (1739–48, 1762–63, 1779–83). 18-
к-дын 80-жылдарынын аягында И-дагы агартуучулук абсолютизм саясаты аяктаган. 1789-ж. Францияда башталган рев-я И-нын башкаруучу чөйрөлөрүн феод. клерикалдык реакция позициясына түрткөн. Карл IVнүн тушунда (1788– 1808-ж. башкарган) И. адегенде рев-ячыл Франция Респ-на (1793–95) каршы согушта жеңилип, тышкы саясатта француздардын позициясын колдоого мажбур болгон. Наполеон Iнин эркине көнүп, И-нын башкаруучулары Улуу Британия (1796–1802, 1804–08) ж-а Португалия м-н (1901) бүлгүндүү согуштарды жүргүзгөн. Француз-испан флоту Трафальгардагы салгылашууда (1805) талкалангандан кийин, И-нын амер. колониялары м-н байланышы өтө эле начарлап, өлкөдө нааразылык күчөгөн. Португалияны каратып бөлүп алуу ж-дө Наполеон I м-н Годой келишими (1807, октябрь) түзүлүп, анын негизинде француз-испан аскерлери 1807-ж. ноябрда Португалияны басып алган. Бирок 1808-ж. мартта Франция И-га кол салган. Франция жапырыгы И-да азатчыл согушту пайда кылып, испан рев-ясынын (1808–14) чыгышына түрткү берген. И-да партизан кыймылы (герилья) кеңири кулач жайып, азатчыл согуш ийгиликтүү аяктаганы м-н (1814, май), абс. башкаруу калыбына келтирилген. Король Фердинанд VII (1808, 1814–33-ж. башкарган) 1812-жылдагы конституцияны, кортестердин бардык декреттерин жокко чыгарган. И-нын Америкадагы колонияларындагы боштондук кыймылын басууга аскер жиберген. И-нын өзүндөгү абс. режимге каршы күрөштө армия башкы роль ойногон. 1820–23-ж. рев-янын жүрүшүндө Фердинанд VII конституцияны (1812) орундоо үчүн ант берүүгө аргасыз болгон (1820, 9-март). Ыйык союз
чечими б-ча рев-я фр. куралдуу интервенциянын (1823, апрель – сентябрь) жардамы м-н басылып, И-да абс. режим кайра орногон. Фердинанд VIIнин декрети (1823, 1-октябрь) б-ча конституциялык өкмөттүн бардык мыйзамдары жокко чыгарылган. Америкадагы испан колонияларынын азатчыл күрөшүнүн натыйжасында испан аскерлери Америкадан куулган (И. бийлигин Куба м-н Пуэрто-Рикодо гана сактап калган). И-да 1833-ж. 1-карлчылар согушу (1833–
40) деп аталган гражд. согуш башталып, анын жүрүшүндө испан коомунун либералчыл, антифеод. күчтөрү Карл IVнүн улуу баласы Дон Карлосту такка отургузууну жактаган абсолютизмге каршы күрөшкөн. 1834–43-ж. революция
өлкөдө алгач туруктуу кайра курууларды ишке
ашырган: инквизиция, майорат, помещиктердин сеньордук укуктары жоюлган, конституциялык монархия режими орнотулган. Бирок аскер төңкөрүшүнүн (1843, июль) натыйжасында жер ак сөөктөрүнүн абалы кайрадан чыңдалган.
19-к-дын 40–50-жылдары И-да металлургиялык з-ддор, машина куруу ишканалары, тоокен ө. ж. тез өнүгүп, т. ж. салынган. Банктар м-н камсыздандыруу компаниялары түзүлгөн. Бурж. кайра куруулардын аяктабагандыгы кийинки рев-ялардын (1854–56; 1868–74) чыгышына себеп болгон. 1868-ж. королева Изабелла II И-дан куулуп, бийлик прогрессчилер м-н униончуларга (либералдык союздун мүчөлөрү) өткөн. Алар жалпыга бирдей шайлоо укугун (эркектер
үчүн), динге табынуу, чогулуш, басма сөз эркиндигин жарыялашкан. Испан тактысы Амадей Савойскийге өткөн. Нааразычылык күчөгөнүнөн улам Амадей Савойский бийликтен баш тарткан (1873, февраль). И. респ. (1873–74) болуп жарыяланып, бийлик республикачылардын колуна өткөн. Бирок мамл. төңкөрүштүн (1874, декабрь) натыйжасында И-да борб. монархия калыбына келтирилген. Испан буржуазиясынын төбөлдөрү жер ак сөөктөрү м-н блок түзгөн. Бул келишим 1876-жылдагы конституцияда белгиленип, Пакто эль Пардо деп аталып, Консерватор партия м-н Либерал партия (1875-ж. негизделген) мамлекетти кезектешип башкаруу ж-дө 1885-ж. макулдашкан.
1898-ж. апрелде АКШ Кубаны бошотууну
шылтоолоп, И-га согуш ачкан. Анда жеңилген И. тынчтык келишими (1898, 10-декабрь) б-ча АКШга Куба, Пуэрто-Рико, Гуам а-дары м-н Филиппин архипелагын аргасыздан берген. 1899-ж. Германия И-ны Каролина ж-а Мариана а-н сатууга мажбурлаган. Натыйжада И-нын Африкада гана азыноолак колониясы калган. 20-к-дын башында И. колониялык саясатын жандандырып, Мароккону бөлүп алуу ж-дө Франция м-н келишим түзүп (1904, 1912), анын аз бөлүгүнө ээ болгон.
Биринчи дүйнөлүк согуш мезгилинде (1914–
18) И. бейтараптыгын жарыялаган. Согуш аяктагандан кийин, И-нын абалы начарлап,
ө. ж-нын айрым тармактары кыскарып, жумушсуздук көбөйгөн. Мароккону каратууну тездетүү
үчүн болгон Анвалдагы салгылашууда испан аскерлеринин талкаланышы (И-нын 10 миңден ашык солдаты м-н офицери кырылган ж-а жарадар болгон) монархияга каршы турган бардык партиялар колдогон нааразылык кыймылын пайда кылган. 1923-ж. 13-сентябрда генерал М. Примо де Ривера мамл. төңкөрүш жасап, И-да аскердик-монархия диктатурасын орноткон. Анын өкмөтү кортестер м-н муниципалитеттерди таратып, бардык саясий партияларга тыюу салган. 1927-жылдан бул диктатурага ж-а монархияга каршы жалпы улуттук кыймылдын күчөшүнөн улам генерал М. Примо де Ривера отставкага кеткен (1930-ж. 28-январь). Респ-чылар м-н социалисттерден куралган рев-ячыл к-т И-ны респ. деп жарыялаган. Король Альфонс XIII эмиграцияга кеткен.
Фашисттик коркунучтун күчөшү (1933-ж. фашисттик партиянын Испан фалангасы негизделген) бардык күчтөрдүн биригишине алып келген. 1936-ж. 15-январда Элдик фронт түзүлүп, 1936-ж. 16-февралдагы кортестерге шайлоодо жеңип чыккан. 1936-ж. 17–18-июлда чыккан аскердик-фашисттик козголоң И-да 32 айга созулган гражд. согушка айланган. Козголоңчулар басып алган Бургос ш-нда түзүлгөн мамлекет м-н
өкмөт башчысы болуп генерал Франко дайындалган. Согушта республикачылар жеңилип калган. И-да Франко башында турган авторитардык режим орногон.
И. бейтараптык саясатын жарыяласа да, экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германия м-н Италияга жардамдашкан. 1947-ж. И. королдугу түзүлүп, Франко мамлекеттин түбөлүк башчысы болуп жарыяланган.
И. 1952-ж. ЮНЕСКОго ж-а 1955-ж. БУУга кабыл алынган. 1953-ж. 26-сентябрдагы амер.-испаниялык келишимге ылайык (1963-, 1970-ж. узартылган), И-да амер. аскер базаларынын тармагы курулган.
60-жылдардын 2-жарымы – 70-жылдардын 1- жарымында жаңы конституциялык мыйзамдар кабыл алынган. 1931-ж. кулатылган король Альфонс XIIIнүн небереси Хуан Карлос 1969-ж. Бурбон Франконун сунушу б-ча Франконун ишин улантуучу болуп бекитилген. 1975-ж. ноябрда диктатор Франко өлүп, 22-ноябрда Хуан Карлос Бурбон И-нын королу болуп жарыяланган. 1976-ж. түзүлгөн жаңы өкмөттү А. Суарес Гонсалес жетектеген. Өлкөдө демокр. жаңылануулар жүрүп. 1978-ж. жаңы конституция күчүнө кирген. 2004- ж-а 2008-жылдардагы парламенттик шайлоолордо И. соц. жумушчу партиясы жеңишке жеткен. Х. Л. Родригес Сапатеро премьер-министр болуп калган.
Чарбасы
. И. – дүйнөдөгү экономикасы өнүккөн
постиндустриялык өлкөгө кирет. ИДПнин көлөмү (1232 млрд доллар, 2006) б-ча дүйнөдө 11-, Европа союзуна (ЕС) кирген өлкөлөрдүн ичинен 5-орунда (Германия, Улуу Британия, Франция ж-а Италиядан кийин) турат. Аны киши башына бөлүштүргөндө 27,9 миң доллардан туура келет. ИДПнин 67,2%ин тейлөө чөйрөсү, 27,9%ин ө. ж. ж-а курулуш, 3,1%ин а. ч., токойчулук ж-а балык уулоо түзөт.
Ө. ж-нын структурасында алдыңкы орунду – машина куруу, тамак-аш ө. ж., нефтини кайра иштетүү ж-а нефть-химия, кара ж-а түстүү металлургия, минералдык (металл эмес) сырьёлорду казып алуу, целлюлоза-кагаз ж-а полиграфия, энергетика, орг. химия продукцияларын
өндүрүү, текстиль, тигүү ж-а булгаары-бут кийим тармактары ээлейт. Экономикасынын өнүгүүсүндөгү негизги проблемалардын бири – отун-энергетикалык ресурстардын таңкыстыгы.
Өлкөдө энергияга болгон муктаждык тынымсыз өсүүдө. Энергияны керектөөнүн 50,6%ин нефть ж-а нефть продуктулары, 21,4%ин газ, 13%ин көмүр, 1,6%ин гидроэнергия, 11,2%ин атом энергиясы, 2,2%ин башка булактар (шамал, күн энергиясы) түзөт (2006). 2006-ж. 164 миң т нефть казылып алынган, ал ички керектөөнүн 0,2%ин гана канааттандырат, сырттан 70,9 млн т нефть ж-а нефть продуктуларын сатып алат. 2005-ж. 216 млн м3 газ өндүрүлгөн, керектөөсү 33,4 млрд м3ди түзөт. Казып алын-

ган көмүр (16,1 млн т) өлкөнүн ага болгон муктаждыгын канааттандыра албайт. Өндүрүлгөн 229,6 млрд кВт.с электр энергиясынын 126,9 млрд кВт.сы өлкө ичинде керектелет. Атом энергетикасы өзүнүн уран кенташтарынын базасында өнүккөн; 6 АЭС иштейт, 800гө жакын чакан ГЭС бар. Шамал энергиясын пайдалануу б-ча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн катарына

кирет. Шамал энергетика курулмаларынын аныкталган кубаттуулугу 11,7 миң МВт чамасында.
Ө. ж-нын маанилүү тармактарынын бири – металлургия. 2006-ж. 265 миң т темир кенташы, 5 млн т чоюн, 18,4 млн т болот өндүрүлгөн. Металлургия өндүрүшүнүн ири борборлору: Барселона, Авилес, Хихон, Бильбао, Сантандер, Сагунто, Сестао, Кадис. Түстүү металлургия азыр негизинен импорттук сырьёлорго байланыштуу; сымап өндүрүү кыскарууда, дүйнөдөгү эң ири сымап кени – Альмаден; ал жайгашкан региондогу экол. кооптуу кырдаалга байланыштуу аны казып алууну 2011-ж. биротоло токтотуу каралууда. О. эле цинк, коргошун, жез, глинозём
өндүрүлөт. Машина куруу – өлкөнүн экономикасынын маанилүү тармагы. Машина куруу комплексинде автомобиль ө. ж. – И-нын эл аралык адистешүүгө кирген бир тармагы. Чыгарган автомобилдеринин жалпы саны (2777,4 миң; а. и. жеңил автомашина 2078,6 миң) б-ча дүйнөдө Япония, АКШ, Кытай, Германия, Түш. Корея ж-а Франциядан кийинки 7-орунда. Негизги продукциялары: оор ж-а жеңил жүк ташуучу автомашиналар, автобус, жеңил автомобиль, кеме, о. эле металл иштетүүчү түрдүү станоктор, металлургия, курулуш үчүн ж-а электр-тех.
ө. ж. жабдуулары, желдетүү техникасы, а. ч.
техникасы ж. б. Химия ө. ж. орг. синтез продукциясын, синтез чайыры, пластмасса, сыр ж. б. продукцияларды чыгарат. Целлюлоза-кагаз ө. ж. продукциясынын 50%и экспорттолот. И. целлюлозаны экспорттоо б-ча ЕСке кирген
өлкөлөрдүн ичинен 4-, дүйнөдө 7-орунда турат.
Эмерек ө. ж. ашкана, уктоо бөлмөлөрү ж-а ванна үчүн жогорку сапаттагы гарнитурларды чыгарууга адистешкен. Курулуш ж-а жасалга материалдар ө. ж. жерг. курулуш сырьёлорун пайдаланат; мрамор, акиташ теги, жогорку сапаттуу бор, доломит, каолин казып алат. Цементти импорттоо б-ча дүйнөдө АКШдан кийинки 2-орунду ээлейт. Карапа ж-а фарфор-фаянс
өндүрүшүнүн өлкөнүн экспорттук продукциясында үлүшү зор. Текстиль ө. ж. ж-а кийим тигүү
өндүрүшү б-ча ЕС өлкөлөрүндө 3-орунда турат. Булгаары-бут кийим ө. ж. эзелтен эле экспортко адистешкен тармак болуп саналат. Бут кийим чыгаруу б-ча (2005-ж. 126,7 млн жуп) Европада Италиядан кийинки 2-орунда. Тамак-аш ж-а тамеки ө. ж. ЕСке кирген өлкөлөрүнүн ичинен Германия, Франция, Улуу Британия ж-а Италиядан кийинки 5-орунду ээлейт. Тамак-аш, шарап, угуту күчтүү спирт ичимдиктерин, эт ж-а сүт продукцияларын, май, мөмө-жемиш консерваларын, алкоголсуз ичимдиктерди ж. б. чыгарат. Негизги экспорттук продукциялары: зайтун майы, шарап, сүрсүтүлгөн эт, балык ж-а мөмө жемиш-жашылча консервалары. Шарап даярдоо б-ча Европада Италия, Франциядан кийинки 3-орунда. Испандардын чүйгүн эт азыгы – хамонду чыгаруу б-ча дүйнөгө белгилүү. Тамеки чыгаруу б-ча дүйнөдө 10 ири өлкөнүн ичинде.
Өлкөнүн ИДПсиндеги а. ч. өндүрүшүнүн (токой чарбасы, аңчылык, балык уулоо ж-а өстүрүү м-н кошо) үлүшү 3,1% (2006). И. а. ч. продуктуларын өндүрүү б-а Европа союзуна кирген
өлкөлөрдүн ичинен Франция, Италия ж-а Германиядан кийинки 4-орунда. Өлкө азык-түлүккө болгон муктаждыгын өзү камсыз кыла албагандыктан, дан, эт, сүт ж. б. азыктарды сырттан сатып алат. Үй-бүлөлүк чакан фермалар басымдуу. Жер фондусунун (33,1млн га) 24,86 млн гасы а. ч-га жарактуу жер, анын 65%и айдалат, 35%и шалбаа ж-а жайыт. Сугат жерлеринин аянты (4 млн га чамасында) б-ча Батыш Европада алдыңкы орунда. Италиядай эле И. да цитрус өсүмдүктөрүн, жемиш, жашылча, жүзүм,

зайтун, о. эле дан эгиндерин өстүрүүгө адистешкен. Негизги а. ч. өсүмдүктөрү: буудай (айдоо аянтынын 20%и), шалы, бадам, арпа, жүгөрү, тамеки, жашылча (эгин аянтынын 60%и), картөшкө ж. б. Зайтун майын өндүрүү б-ча дүйнөдө 1-, шарап чыгаруу б-ча Италия ж-а Франциядан кийинки 3-орунду ээлейт. О. эле апельсин (дүйнөлүк түшүмдүн 3%и), лимон (киши башына бөлүштүрүү б-ча дүйнөдө 1-орунда, 11 кг) ж-а лайма, мандарин, шабдалы, нектарин, өрүк, кайналы, гилас, киви, авокадо ж. б. өстүрүлөт. Жашылча өстүрүү б-ча да дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Томат, пияз, сарымсак, артишок (дүйнөдө Италиядан кийинки 2-орунда), капуста, спаржа, калемпир, бадыраң, козу карын (Европада Нидерландиядан кийинки 2- орунда), баклажан ж. б. эгилет. Негизги тех.
өсүмдүктөрү: кант кызылча, күн карама, о. эле пахта, тамеки. 2005-ж. 5,9 бодо мал, 19,7 млн кой (Европада Улуу Британиядан кийинки 2- орунда), 2,5 млн эчки (Грекиядан кийинки 2- орунда), 22,8 млн чочко (Германиядан кийинки 2-орунда), 174,3 млн үй кушу (тоок, өрдөк, каз ж. б.) болгон. Токой аянты 13,9 млн га, анын негизги массивдери өлкөнүн түн. ж-а түн.-батыш бөлүктөрүндө. Балык кармалат.
Тейлөө чөйрөсү – И. экономикасынын башкы
ж-а динамикалуу өнүгүп жаткан сектору; анда ИДПнин 67,2%и жаралат. Эң маанилүү секторлору: туризм ж-а ага байланыштуу мейманкана бизнеси ж-а коомдук тамактануу, о. эле соода, ишкердик тейлөөлөр, билим берүү, саламаттык сактоо. Рекреациялык тейлөө – И-нын эл аралык адистешкен маанилүү тармактарынын бири. Анда ИДПнин 12%и түзүлөт. Жыл сайын 50–60 млн турист келет. И-га келген чет өлкөлүк туристтерин саны б-ча дүйнөдө Франциядан кийинки 2-орунду ээлейт. Туризмден түшкөн киреше (38,5 млрд евро; дүйнөдө АКШдан кийинки 2-орунда) ага кеткен чыгымдан 3 эсе көп. И-нын негизги туристтик зоналары – Жер ортолук деңиз аймагы (Каталония, Валенсия, Андалусия), Балеар ж-а Канария а.; бул аймактар И-га келген туристтердин 83%тен ашыгын кабыл алат.
Атомобиль жолунун жалпы уз. 666,3 миң км, анын 12 миң кми жогорку ылдамдыкта жүрүүчү,
көп тилкелүү автотрассалар (Европада Германия, Франциядан кийинки 3-орунда). Негизги автотрассалары Мадридден Ла-Корунья, Ирун, Ла- Хункер, Валенсия, Севилья, Бадахос тарапка тарайт. Башка маанилүү автотрассалары: өлкөнүн түндүгүндө кеңдик багытта созулган Кантабрия жолу – Ирун – Овьедо – Ла-Корунья – Туй; Жер ортолук деңиз жолу – Ла-Хункер – Малага; меридиандык жол – Хихон – Саламанка – Касерес – Кадис ж-а Миранда-де-Эбро – Витория – Сарагоса – Валенсия. Португалия м-н байланыштырган Севилья – Лисабон, Ла- Корунья – Лисабон жолдору иштейт. Т. ж-нун уз. 14,94 миң км, анын 1052 кми жогорку ылдамдыктагы жол. Жогорку ылдамдыктагы ири т. ж. магистралдары арбын. И-да 157 аэропорт иштейт, анын 47си эл аралык аэропорт. Эл аралык ири аэропорттору – Мадрид, Барселона, Пальма, Малага, Лас-Пальмас, Аликанте ш-нда. Деңиз транспорту сырткы соода жүктөрүнүн негизги бөлүгүн ташыйт. И. желеги м-н 167 деңиз соода кемеси (ар бири 1000 регистрдик брутто тоннадан ашык) жүрөт. Ички суу жолунун уз. 1000 кмдей, газ куурунуку 7,2 миң км, нефть куурунуку 730 км, нефть продукт куурунуку 3,5 км (2006). Метрополитен Мадрид, Барселона, Бильбао, Валенсия, Пальма, Севилья ш-нда иштейт.
Өлкөнүн экспорту м-н импортунда ө. ж. продукциялары басымдуулук кылат. Экспортко
ө. ж. жабдуулары (траспорттуку кошо), азыктүлүк, автомобиль куруу продукциялары, ө. ж.
чала фабрикаттары, химия ө. ж. продукциялары, керектөө товарлары чыгарылат. Экспорттук продукциянын дээрлик жарымынан көбү Каталония, Валенсия, Мурсия аймактарында
өндүрүлөт. Сырттан машина куруу продукция-

лары, энергия алып жүргүчтөр (нефть, газ ж. б.), керектөө товарлары, тамак-аш, химия продукциялары ж. б. сатылып алынат. Негизги сырткы соода шериктери: Франция, Германия, Италия, Португалия, Улуу Британия, Нидерланд, Россия, о. эле АКШ, Кытай, Япония. И. – эл аралык туризмдин ири борбору; 2004-ж. 53,6 млн чет өлкөлүк турист келген (дүйнөдө 2-орунда).
Маданияты
. И-да 6–16 жаштагы балдарды окутуу милдеттүү ж-а акысыз. Окуучулардын көпчүлүгү менчик мектептерден билим алышат.
Өлкөдө 40тан ашык ун-т бар, а. и. эң ирилери Мадрид (1508-ж.) ж-а Барселона (1450), Саламанка (13-к.) ж. б. ун-ттери. Студенттердин 96%и мамл. ЖОЖдордо билим алышат. Эң ири китепканасы – Мадриддеги Улуттук китепкана. И-да күнүнө 3,3 млн нускада 120 гезит жарык көрүп турат. А. и. айрыкча белгилүүлөрү:

«Паис», «АВС», «Вангуардия», «Диарио – 16», «Мундо» ж. б. И-да 90го чукул музей бар. 1818-ж. негизделген Мадриддеги Прадо музейинде 19- к-дын орто ченине чейинки мезгилге таандык испан живописинин бай коллекциясы бар.
И. жергесинде табият илимдери антикалык доордо пайда болгон. Ал кезде И-да Рим империясынын кубаттуу провинцияларынан келген географ Помпоний Мелла, агроном ж-а ботаник Луций Колумелла өңдүү белгилүү илимпоздор эмгектенген. И. аймагына варвар уруулар басып кирип, вестготтордун алгачкы феод. мамлекетинин орношу (5-к-дын ортосу – 8-к-дын башы) илим м-н мад-ттын кедерин кетирген. И-да илим араб жеңип алууларынан кийин кайра жанданып, андагы араб илимпоздору дүйнөлүк илимдин өнүгүшүнө кыйла салым кошкон. 9–10-к-да Кордова ш-ндагы ун-т илимдин очогу болгон. 10–11-к-да араб илимпозу Маслама аль- Мадриленьо шакирттери м-н арифметика, геометрия, астрономия б-ча эмгектерди басып чыгарган. 12-к-да Севилья ж-а Толедо ш. да илим очогуна айланган. Толедодо котормочулар мектеби калыптанып, аль-Фараби, Ибн Сина, Ибн Гебирол, ибн Эзр сыяктуу араб ж-а еврей чыгаан илимпоздорунун эмгектерин Европага тааныштырган. 13-к-дагы илимдин өнүгүшүнө Кастилия королу Альфонс Х Акылмандын кыйла салымы бар. Ал алхим. трактаттарга түшүндүрмө жазган, анын башчылыгы м-н түзүлгөн планеталар кыймылынын таблицасы Европада үч кылым бою мыкты таблица катары колдонулган. Арабдарды сүрүп чыгарып, испандардын колонияга ээ болушу И-да жаңы илим очокторунун – Лерида (1300), Уэска (1334), Вальядолид ш-нда ун-ттердин ачылышына түрткү берген. И. өз алдынча мамлекет болуп бириккенге байланыштуу соода м-н ө. ж-дын өнүгүшү кеме куруу, навигация, картография ишинин өсүшүнө жол ачып, деңиз саякатына ж-а геогр. ачылыштар жасоого өбөлгө түзгөн. 15-к-дын аягы И-да илим м-н мад-ттын гүлдөп турган мезгили болгон. 1492-ж. Колумб Американы ачкан; 15–16- к-да испан саякатчылары ж-а конкистадорлор Америка географиясын изилдешкен; Б. Лас Касас, Ф. де Овьедо, Н. Монардес Американын зоологиясы, ботаникасы, географиясы б-ча баалуу маалыматтар берген; гуманист ж-а анатом М. Сервет кан айлануунун кичине тегерегин тапкан. 16-к-дын 2-жарымы – 17-к-да инквизиция күч алып, И-нын саясаты м-н экономикасын начарлаткан. Бул илимдин кыйрашына алып келген. 18-к-дын орто ченинен И-нын экономикасы м-н мад-ты кайра жанданган. Өлкөдөн иезуиттерди кууп чыккандан кийин (1767), окуу жайларды чиркөөдөн жарым-жартылай бөлүүгө мүмкүндүк болгон; Латын Америкасына, Австралияга, Филиппинге ил. экспедициялар уюштурулган; ага-ини д’Элуяр вольфрамиттен вольфрам бөлүп алган (1783); А. М. дель Рио Мексиканын коргошун кенташтарынан ванадий тапкан (1801). Механиканы ж-а жылуулукту изилдөө турмуш муктаждыгына карата жүрүп, жаңы типтеги токуу станогу, суу сордурма буу насосу ж. б. ойлоп чыгарылган. 19-к-дын 20–30-жылдары И-да ө. ж-дын ыкчам өсүшү ил. из. ишине көмөк берген. 1823-ж. Жарандык инженерлер мектеби, Барселонада 1850-ж. Индустрия мектеби ачылган, ошол эле жылы И-нын геол. картасын түзүү б-ча комиссия түзүлгөн. Бирок 19- к-дын 2-жарымында испан илиминин деңгээли Европадагы алдыңкы өлкөлөрдөн төмөн бойдон калган. Ошол эле учурда испан биологиясы м-н медицинасында да ийгиликтер байкалган (мис., улуу гистолог С. Рамон-и-Кахалдын эмгеги Нобель сыйл. арзыган). 20-к-да ө. ж-дын өнүгүшү, тех. прогресс, жаңыдан башталган ил. рев-я артта калган И-да да ил. из. ишин жакшыртууга түрткү берген. 1900-ж. Биология изилдөө ин-ту, 1907-ж. Ил. из-лөрдү өркүндөтүү совети ж. б. уюшулган. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин машина куруу, электр-тех. ж-а электрондук ө. ж-дын ылдам өнүгүшүнө байланыштуу ил. мекемелер көбөйгөн; магнетизм, магнетохимия, спектроскопия, ядро физикасы ж. б. тармактар б-ча ил. из. иштери
өркүндөгөн.
1–5-к-да испандардын филос. окуусу рим философиясынын бир бөлүгүн түзгөн. И. вестготтордун мамлекети болуп турганда (5–8-к.), философия теологияга көз каранды болгон. Арабдардын бийлиги тушунда (8–12-к.) арабдардын философиясы кең кулач жайып, антикалык филос. ойдун испан мад-тына өтүшүнө чоң роль ойногон. 10-к-да еврей философиясынын да очогуна айланган. 19-к-дын 2-жарымында немис ойчулу К. Краузенин философиясы, неокантчылык, неогегелчилик, позитивизм, 19-к-дын аягынан маркстык философия жайылган. 2-к-дын аягынан анализдик философия өнүгүүдө.
И. ад-ты испан тилинде ж-а баск, каталан сыяктуу майда элдердин тилинде өнүгүүдө. Ал о. кылымда фольклордун, антикалык ж-а араб мад-тынын таасиринде калыптанса, реконкиста мезгилинде элдик лирика м-н баатырдык эпос («Менин Сидим жөнүндө ыр», 1140-ж. ченде жазылган), о. кылымда клерикалдык-рыцардык ад-т негизги орунду ээлеп, роман жазуу өнүккөн. Кайра жаралуу доорунда (15-к-дын аягы – 16- к-дын башы) Ф. де Рохастын «Селестина» роман-драмасы театрдын калыптанышына себеп болсо, М. Де Сервантестин «Дон Кихот» романы дүйнөлүк ад-ттын алтын казынасына кирип, ири чыгарма катары таанылган. 16-к-да Лопе Ф. де Вега Карпьо, Лопе де Руэда ж. б. чыгармаларында ренессанстык драма калыптанган. 17- к-да барокко ад-ты, 18-к-да классикалык ж-а реалисттик багыт, 19-к-да натурализм идеялары өнүккөн. 20-к-да акын ж-а драматург Гарсия Лорканын чыг-лыгы көрүнүктүү орун ээлейт.
Өлкөдө 1939-ж. респ. бийлик жеңилгенден кийин, испан ад-тынын кедери кетип, көп ад-тчылар чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. 50–60- жылдарда Пио Бароха (1872–1956), 1956-ж. Нобель сыйл. лауреаты болгон. Хуан Рамон Хименес (1881–1958), 1977-ж. ушул эле жогорку сыйлыкка татыган Висенте Алейксандре (1898– 1984), 1980–2000-жылдарда К. Рохас, Х. Фернандес Сантос, М. Делибес, Х. Хименес Лосано ж. б-дын чыгармалары белгилүү.
И. аймагында аскага оюп түшүрүлгөн байыркы эстеликтер палеолит дооруна таандык. И-да о. эле Рим баскынчылары м-н вестготтор ту-


шундагы арх-ра, зер өнөр чыгармалары сакталган. Арабдардын мад-ты испан арх-расына чоң таасирин тийгизип, бир топ ажайып арх-ралык имараттар курулган, алсак, Кордова ш-ндагы мечит (8-к.), Гранададагы Альгамбра сарайы (13–15-к.) ж. б. Реконкиста учурунда арх-ра ж-а көркөм сүрөт өнөрү өз алдынча калыптана баштаган. 14–15-к-да И. готикасынан мавритан архрасынын таасири көбүрөөк байкалат. 16-к-да итал. иск-вонун таасири астында маньеризм мектеби калыптанып, скульптор Алонсо Берругете (1490–1561), живописчилер Луис де Моралес (1510–86), Эль Греко (1541–1614) ж. б. анын көрүнүктүү өкүлдөрүнөн болгон. Көркөм сүрөт өнөрү 17-к-да жогору өнүгүп, Хусепе де Рибера (1591–1652), Бартоломе Эстебан Мурильо (1618–1682), Франсиско Сурбаран (1598–1664), Дьего де Сильва Веласкес сыяктуу белгилүү сүрөтчүлөрдүн чыгармалары жаралган. 18–19-кдагы И. иск-восунун өрүш алышы Ф. Гойянын чыг-лыгы м-н байланыштуу. 20-к-дын биринчи

жарымында испан иск-восунун салттары кайрадан жанданат. Бул мезгилде дүйнөлүк исквого «модерн генийи» деп аташкан арх. Антонио Гауди, жиповисте сюрреализмдин көрүнүктүү
өкүлү Сальвадор Дали (1904–89), кубист Хуан Грис (1887–1927), абстракционист Хуан Миро (1893–1983) ж-а Пабло Пикассо жаңы багыттар м-н киришкен.
И. муз. мад-тынын гүлдөп өскөн учуру 16-кга таандык. Бул мезгилде Кристобаль де Моралес (1500–53), Томас Луис де Виктория (1548– 1611), о. эле Антонио де Кабесон (1510–66) сыяктуу комп-лор клавесин ж-а орган үчүн музыка жаратышкан. 19-к-да улуттук музыканын жаралуусуна испан композитордук мектебин негиздеген Фелипе Педрель (1841–1922) зор салым кошкон. 20-к-дын башында Энрике Гранадос (1867–1916), Исаак Альбенис (1860–1909), Мануэль де Фалья (1876–1946) ж. б. комп-лор испан музыкасын Европага тааныткан чыгармаларды жаратышкан. Дүйнөгө таанымал Пласидо Доминго, Хосе Каррерас ж-а Монтсеррат Кабалье сыяктуу опера ырчылары тарбияланып
чыгышкан.
И. эллинизм доорунда эле бий өнөрү м-н белгилүү болгон. Байыркы Римде Кадис бийчилери атак алган. Исреска, сарсуэла (17-к-дан), тонадиль (18-к-дын 2-жарымынан) ж. б. бийлер кеңири таралган. 18-к-да болеро, 19-к-да танго бийлери пайда болгон. Алардын ар бири өзүнүн гана муз. аспаптары [гитара, мандолина, кастаньета, тамбурин, флейта, чоор (свирель) ж. б.] м-н коштолгон. 1978-ж. Мадридде И. улуттук балети, 1979-ж. Классикалык балет негизделген; Мадриддеги опера театрында белгилүү балет труппасы, о. эле бий коллективдери иштейт. И-да театр өнөрү да өнүккөн. О. кылымдарда диний ж-а калк театрлары айкалыш өнүккөн, 16-к-дан профессионал труппалар ж-а калк театрлары (корраль) ачылган. Агартуу доорунда испан мад-ты француздардын таасиринде болгон. И-да азыр көптөгөн драма, о. эле опера театрлары иштейт.
И-да биринчи көркөм фильм («Ферманын мактанчаактары паркта», реж. Ф. Хелеберт) 1905-ж. коюлган. Эң белгилүү испан кинорежиссёрлорунун бири – Луис Бюнюэль (1900–1983) 1928-ж. Сальвадор Дали м-н бирге сюрреалисттик «Андалусия ити» аттуу фильм тарткан. Ал жарандык согуштан кийин И-ны таштап кетүүгө аргасыз болуп, Мехикодо жашап, «Талкалоочу периште» (1962), «Күндүзгү сулуу «(1967) ж. б. бир нече кинофильм жараткан. Франколук режимдин тушунда чет элге да таанымал болгон

Карлос Саура, Педро Альмодовар ж-а Фернандо Труэва сыяктуу кинорежиссёрлор чыккан. 20-к-дын аягы – 21-к-дын баш ченинде демократиянын шарапаты кино жанрына да тийген. Бул мезгилде улуттук кинодо классикалык чыгармаларды тартуу м-н катар (Л. Г. Берланга, Х. А. Бардем ж. б.) жаңы жанрдагы, алсак, психол., эротикалык кинолор да (Гутьеррес Арагон, Х. Медем, А. Аменабар ж. б.) жаралган. Ф. Рей, Ф. Рабаль, А. Бандерас, В. А. Абреиль, П. Крус, К. Бардем ж. б. киноактёрлору белгилүү.
Ад.: Гарсиа Х. Испания ХХ в. М., 1967; Испания 1918–1972. Исторический очерк. М., 1975; Современная Испания. М., 1983; Лагутина Е. И., Лачининский В. А. Страны Пиренейского полуострова. Л., 1984; Каптерева Т. П. Искусство Испании. М., 1989; Испания и Португалия. М., 1989; Испания. М., 1993; Буторина О. В. Испания: стратегия экономического подъёма. М., 1995; Киселев А. В. Испания. География, История. СПб, 2001; Лопатникова Д. Л. Испания. М., 2001; Испанская эстетика. Ренесанс. Барокко. Просвещение. М., 1977; Каптер Т. Т. Испания. История искусства. М., 2003; Турицын В. Н. Кино Испании. М., 1990.
А. Молдомусаева, Ө. Бараталиев,
А. Кубатова.