ИСПАНИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСПАНИЯ-АМЕРИКА СОГУШУ (1898) – Испа­ниянын Вест-Индия (Куба а-дары, Пуэрто-Рико) ж-а Филиппиндеги колониялык ээликтерин басып алуу максатында жүргүзгөн АКШнын согуштук агрессиясы. Кубада ж-а Филиппинде испан баскынчылыгына каршы чыккан көтөрү­лүштөн пайдаланып, АКШ өкмөтү Испанияга доомат коюп, Кубадан испан аскерлерин алып кетүүнү талап кылган. Испания бул талапты ат­каруудан баш тарткан күнү (1898, 21-апрель) АКШ Испанияга каршы согуш ачкан. АКШ Куба ж-а Филиппин а-нда согуш жүргүзгөн. Согушта амер. флот испан флотун талкалаган. 1898-ж. 10-декабрдагы Париж тынчтык келишими б-ча Куба, Пуэрто-Рико, Гуам ж-а Филиппин АКШга өткөн. И.-А. с-нан улам АКШ келечектеги бас­кынчылык саясаты үчүн стратегиялык мааниде­ги аймактарга ээ болгон.