ИСПАН ТИЛИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСПАН ТИЛИ – испандардын ж-а Латын Аме­рикасындагы көпчүлүк элдердин тили. Испания Королдугунун (а. и. Түн. Африкадагы Сеута ж-а Мелилья анклавдарынын), Түш. Америка­да Гватемала, Гондурас, Коста-Рика, Никара­гуа, Панама, Сальвадордун расмий, Аргентина, Венесуэла, Колумбия, Парагвай, Перу, Боливия, Уругвай, Чили, Эквадордун тең расмий тили (жерг. тилдер м-н катар). БУУнун расмий ж-а жумушчу тилдеринин бири. И. т. роман тил то­буна кирет. Испания аймагы эки негизги диа­лектилик ареалга бөлүнөт: түн. (кастилия, ара­гон-каварра ж. б. диалектилер) ж-а түш. (анда­лус, канар ж. б. диалектилер). Испан адабий тили кастилия диалектисинин негизинде түзүл­гөн. Граммат. түзүлүшү б-ча жөнөкөйүрөөк: зат

ж-а сын атоочтор жөндөлбөйт, сөз ирети фран­цуз тилине караганда эркин келет. Башка ро­ман тилдериндегидей эле И. т-нде этиштин фор­малары да бар. Испан графикасы латын алфа­витинин негизинде. Жазуусунда тыбыштык принцип алынган.