ИСТАМБЕКОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСТАМБЕКОВ Аден Бекембаевич [3. 7. 1903, Жети-Суу обл., Каракол уезди, Ичке-Жергез кыш. (азыркы Ысык-Көл обл., Ак-Суу р-ну) – 9. 1. 1939, Фрунзе] – аскердик ж-а коомдук иш­мер, подполковник, респ­нын алгачкы аскер комис­сары.

Ташкент аскер окуу жайындагы командирлерди даярдоочу атайын курсун (1922), Москвадагы Аскер пед. жогорку мектебин (1927), САГУнун тарых ф-тин, Ле­нинграддагы аскер тактика­сын окутуучуларынын кур­сун, Москвадагы В. И. Ле­нин атн. саясий академия­ны (1937) бүтүргөн. Ата-энеси м-н бирге 1906– 13-ж. Иркутскиде сүргүндө болуп, кайтып келгенден кийин чиркөө мектебинен окуган. 1916-ж. Үркүндө Кытайга барып, 1917-ж. кайра келген. 1922–24-ж. 813- (өзгөчө) ротанын коман­диринин жардамчысы, командири, 1924–31-ж. Ташкенттеги В. И. Ленин атн. Жогорку аскер мектебинде взводдун командири, инструктор, со­гуш тактикасын үйрөтүү б-ча окутуучу, окуу бөлүмүнүн башчысынын жардамчысы, партком­дун жооптуу секретары, 1931–32-ж. О. Азия ас­кер округунун атчандар мектебинде окуу бөлү­мүнүн начальнигинин жардамчысы, 1932–33-ж. парткомдун жооптуу секретары, 1933–36-ж. ка­зак атчандар полкунун командиринин саясий иштер б-ча жардамчысы, 1936–37-ж. 53-кыргыз атчандар полкунун аскер комиссары, 1936–37-ж. Фергана тоо атчандар дивизиясынын саясий бөлүмүнүн башчысы, 1937-жылдын март айы­нан полктун командири болуп иштеген. Кырг-н КП(б) БКнын мүчөсү, Фрунзе шаарко­мунун бюро мүчөсү (1937). 1937-ж. декабрда бур­жуазиялык улутчул деген жалаа м-н репрес­сияланып, 1939-ж. атылган. 1958-ж. толук ак­талган.