ИСТАХРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСТАХРИ Абу Исхак ибн Мухаммед ал-Фари­си ал-Истахри – (болжол м-н 850, Иран – 934) – араб географы. Эмгегинин белгилүүсү «Сууар ал­акалим« («Аймактардын чет жакалары») деп аталып, анда түшүнүктөр м-н кошо карталар ж-а атластардын жыйнагы берилген. Ал түзгөн «Китаб ал-масалик ва-л-мамалик» («Өлкөлөр м-н жолдордун китеби») деген эмгеги араб гео­графиясынын классикалык үлгүсү болуп сана­лат. Ал китептин өзөгүн 920-ж. жазылган Абу Зайд Балхинин геогр. эмгегинен алып, аны өзү көргөн маалыматтар м-н толуктаган. И. мусул­ман өлкөлөрүн гана жазууну максат кылып, аларды кеңири 20 аймакка бөлүп, «климат» деп атаган. Арабиядан баштап Мавераннахрга тийиштүү жерлердин (Согд, Усрушан, Фергана, Шаш, Илак ж. б.) толук маалыматын, а. и. аларга караган ар бир аймакты (мис., Миан- Рудан же Кара-Дарыя м-н Нарын д-нын аралы­гы; Жигил же Чаткал), шаар-кыштактарды (мис., Аксикент, Ош, Өзгөн, Мадва, Хайлам ж. б.) алардын аралыгы, кен байлыктары, жол­дору тууралуу кенен баян кылган. Мындан тыш­кары ал жерлерде жашаган элдер (тогузгуз, хырхыз, кимак, гузз, хазладж ж. б.), алардын тили, чарбасы ж-а соодасы ж-дө да кенен маа­лыматтарды берген. Бизге анын араб тексти м-н 930–33-ж. кыскача редакцияланган эмгеги жеткен. Мындан башка толук редакцияланып, Ибн Хаукал пайдаланган экинчи эмгеги болгон. Анын эмгегин М. де Гуе басып чыгарган.


Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 1. Б., 2002.

Т. Жуманалиев.