ИСТЕРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСТЕРИ́Я (гр. hystera – жатын, байыркы за­манда И. жатын оорулары м-н байланышты­рылган) – невроздор тобуна кирүүчү нерв-пси­хикалык оору. И. психикалык травманын не­гизинде болот. И. П. Павлов анын пайда болу­шун жогорку нерв ишинин тормоздоо процесси­не козголуу процессинин ж-а биринчи сигнал­дык системанын үстөмдүк кылышы деп түшүн-


дүргөн. Анда нерв системасы, психика ж-а ички органдардын функциясы бузулушу мүмкүн. И-нын белгилери оорулуунун кызыкчылыгына байланыштуу болуп, турмуштун кыйын учуру­нан чыгып (кутулуп) кетүүгө шарт түзөт. И-лык талма психикалык травма алганда же аны эс­тегенде болот. Бул учурда акыл-эси толук жо­голбойт, ошондуктан талмадагыдай оорулуу бир жерин жабыркатып албайт, тишин кычырат­пайт. Оорулуунун акыл-эси бузулуп, туталанып, психикасын жабыркаткан абал көзүнө элестей берет. Кээде акыл-эси бузулат. Айрымдар (көбүн­чө кылмышкерлер) кем акыл өңдөнүп, манжа­ларын санай албайт, көзүнүн ж-а чачынын түсүн билбейт, белгилүү эле буюмду тааныбайт. Ай­рым учурда сезүү органдары бузулат. Оорууну сезүү күчөйт, кээде сезбей калат, убактылуу со­кур, дүлөй болуп, жөөлүп, калчылдайт. Жүрөк­кан тамыр системасы, дем алуу ж. б. органда­ры бузулат. Кээде шал болгонсуп жатып калат, тилин чайнабайт, окшуп кусат, эти ысып, ичи өтүшү мүмкүн. Мүнөздүн И-лык өзгөрүшүнө өтө эмоциялуу киши туш болот. Алар бир аз себеп болсо эле ыйлап, каткырып күлүп, кийимин тытып, кыйкырып, чаап жибериши да мүмкүн. И-ны психотерапиялык жол м-н дарылайт. Баарыдан мурда психиканы жабыркатуучу таа­сирди жоготуу зарыл.