ИСТОРИОГРАФИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСТОРИОГРА́ФИЯ (гр. historia – тарых ж-а ...графия) – 1) бүтүндөй тарых илимдеринин та­рыхы, о. эле белгилүү бир доорго, темага арнал­ган изилдөөлөрдүн же тарыхый эмгектердин жыйындысы; 2) тарых илиминин тармагы ка­тары анын тарыхын изилдөөчү илим (тарых ма­териалдарынын топтолушун, тарыхый окуялар­ды түшүндүрүүдөгү талаштарды, тарых илимин­деги методол. багыттардын алмашышын, тары­хый көз караштардын, коомдук-саясий ойлор­дун түзүлүшүнүн тарыхын ж. б. изилдейт). И. архив булактары, китепкана иштери, тарыхый библиографиялар, тарыхый булактар, китеп бу­лактары сыяктуу тармактар м-н тыгыз байла­нышта өнүгүп келе жатат. И. конкреттүү тары­хый эмгектердин материалдары б-ча тарыхый концепциялардын өнүгүшүн, өзгөрүшүн байкап турат. И. окуу дисциплинасы катары биринчи иретте тарыхый концепцияларды түшүндүрүү максатын коёт. И. тарыхый булактарды ж-а историогр. эмгектерди анализдөө м-н катар, тарыхый изилдөөлөрдүн ыкмаларын ачып берүү, тарыхый булактарды түшүндүрүүнүн жол­дору м-н методдорунун өнүгүү тарыхын ча­гылдырат.