ИСФАНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 23 Июнь (Кулжа) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСФАНА – Баткен обл-ндагы шаар (2001-жыл­дан). Лейлек р-нунун адм. борбору. Кара-Суу­нун боюнда, деңиз деңг. 1350 м бийиктикте жайгашкан. Облустун борбору Баткен ш-нан 130 км батыш тарапта. Пролетарск (Тажикстан) т. ж. бекетинен 45 км түштүктө. Калкы 18,2 миң (2009); негизинен дыйкан чарбасында эмгекте­нет. Шаардын курамына Ак-Булак, Голбо, Мырза-Пача, Тайлан, Самат ж-а Чимген кыш. да кирет. Аэропорту бар. Бишкекке Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан аркылуу транспорттук каттам бар. И. ш-дык кеңеши 21 депутаттан, 4 туруктуу комиссиядан турат. Шаар кеңешине караштуу жердин аянты 29 миң га; а. и. айдоо жер 6,6 миң га, сугат жер 1,2 миң га, кайрак жер 5,4 миң га, чабынды 800 га, жайыт 15,6 миң га, көп жылдык маданий өсүмдүктөр 130 га. Шаарда жалпы билим берүүчү 14 мектеп (а. и. 2 гимназия), 4 бала бакча, кесиптик-тех. лицей, Бишкектеги Эл аралык укук, финансы ж-а бизнес башкаруу академиясынын филиалы, мад-т үйү, клуб, 3 китепкана, Тарых ж-а край таануу, Даңк ж-а И. Раззаков музейлери, мей­манкана бар. И. ш-дык башкармалыгында ар түрдүү жеке менчикке таандык 82 ишкана, ме­кеме-уюмдар, а. ч. кооперациялары, 8 банк фи­лиалдары, «Исфана» АКтын кыш з-ду, менчик (3 кондитер, эмерек даярдоочу ж-а тигүү) санит.- эпидемиол. станция, райондук оорукана, үй-бү­лөлүк мед. борбор, 6 үй-бүлөлүк врачтар тобу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү,


соода түйүндөрү, базар иштейт. Улуу Ата Ме­кендик согушта курман болгондорго ж-а И. Раз­заковго эстелик тургузулган.

Б. Амираева.