ИСФАРА 1

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 25 Июнь (Кулжа) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСФАРА́ – Кырг-н, Тажикстан ж-а Өзбекстан аймактары аркылуу аккан суу. Уз. 130 км, ала­бынын аянты 3240 км2. Түркстан кырка тоосу­нун түн. капталындагы мөңгүлөрдөн башталып, Чоң Фергана каналына кошулат. Фергана өрөө­нүнө чыккан жеринде кеңири жайылма-шилен­дилерди пайда кылат. Июлда кирип, сентябрда тартылат, март–апрель айларында сууга өксү. Жылдык орт. чыгымы 16,4 м3/сек; эң көп чы­гымы 48,1 м3/сек, эң азы 4,2 м3/сек. Сугатка пайдаланылат. Өрөөнүндө Тажикстандын Исфа­ра ш. жайгашкан.