ИТ-АГАР ТООСУ
ИТ-АГАР ТООСУ – Талас Ала-Тоосунун түш. тармагы. Ит-Тар, Арым, Чоң Чычкан сууларынын (Нарындын оң куймалары) аралыгында батыштан түш.-чыгышка 28–30 кмге созулуп жатат. Туурасы 7–9 км. Орт. бийикт. 3400– 3600 м, эң бийик жери 4086 м. Кыры асказоокалуу ж-а мөңгүлүү, түш.-чыгышты карай жапыздайт. Капталдары тик (40–50°), тар капчыгайлуу, кокту-колоттуу. Негизинен төмөнкү палеозойдун порфириттүү гранит, гранит-диорит интрузия ж-а метаморфизмделген тектеринен түзүлгөн. Шалбаалуу талаа ж-а шалбаабадалдуу талаа (2800–2900 мге чейин), субальп ж-а альп шалбаалуу талаа, сейрек бетегелүү талаа (3300–3400 м бийикке чейин), андан жогору кар-мөңгүлүү ландшафттар мүнөздүү. Жайкы жайыт.