ЖАРЫК АРАЛЫК ЧЕНЕГИЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 26 Июнь (Кулжа) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАРЫК АРАЛЫК ЧЕНЕГИЧ , о п т и к а л ы к ч е н е г и ч – аралыкты жарык (оптикалык нурдун) басып өткөн убакыт боюнча ченөөчү ку­рал. Ал жарык булагы, анын параметрин (өлчөмүн) тескөөчү түзүлүш, берүүчү, кабыл алуу­чу система (түйүн), фото-кабыл алгыч ж-а уба­кыт аралыгын ченегич түзүлүштөрдөн турат. Жарык аралык ченегич нурдун объектиге чейин ж-а андан кай­ра келүү убактысын эсептөө ыкмасына жараша импульстуу ж-а фазалуу болуп бөлүнөт. И м­ п у л ь с т у у жарык аралык ченегичте нурлануу булагы катары лазер колдонулат. Анын нуру кыска им­пульс түрүндө таралат. Жай өзгөрүүчү аралык­ты ченөөдө жекече импульстуу, тез өзгөрүүчү ара­лыкта нурлануунун импульстук режими (тар­тибин) пайдаланылат. Ф а з а л у у жарык аралык ченегичте жарык булагы катары кызытма же газ-жарык лампалары, жарык диоду ж-а лазер колдо­нулат. Оптикалык чагылдыргычы бар газ-ла­зерлүү жарык аралык ченгегич 100 кмге чейинки аралыкты аныктайт.