ГУЖИН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:19, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУЖИ́Н Георгий Семёнович [27.2.1922-ж. т., Фрунзе (азыркы Чүй) обл., Калинин (азыркы Жайыл) р-ну, Вознесеновка кыш. (учурда Панфилов р-нуна карайт) – 2.11.2013, Россия, Краснодар ш.] – география илимд. доктору (1969), проф. (1971). Кыргыз пед. ин-тунун география ф-тин бүтүргөн (1947). Г. 1948-жылдан КМУнун география ф-тинин экон. география кафедрасында окутуучу, улук окутуучу (1950), доцент (1954) болуп эмгектенген. 1954-ж. кандидаттык диссертациясын коргогон. Эмгектери калк. географиясына ж-а анын отурукташуусуна, социалдык сфера м-н байланышкан. О. эле 200дан ашык ил. эмгектин автору. 1971-жылдан Краснодар крайындагы Кубань ун-тинде проф., декан болуп эмгектенген. Эмг.: Орто Азия тоолуу республикасынын калкынын жайланышы жана отурукташуу географиясы. Ф., 1954; Города Киргизии. Ф., 1958; Вокруг озера Иссык-Куль. Ф., 1959; География транспорта Киргизии. Ф., 1959; Типы сельского расселения Киргизии и обслуживание населения. Ф., 1970; Бытовая обслуживание на селе. Ф., 1978 (авторлош); Города Киргизии. Ф. 1981 (авторлош).