ИТАЛИЯ
ИТА́ЛИЯ , И т а л и я н Р е с п у б л и к а с ы – Европанын түштүгүндөгү мамлекет, Жер Ортолук деңиздин алабында. Апеннин ж. а-н, Падан түздүгүн, Альп тоолорунун түш. капталдарын,

Сицилия, Сардиния о. эле майда аралдарды ээлейт. И. – Франция, Швейцария, Австрия, Словения, Сан-Марино ж-а Ватикан м-н чектешет. Батышынан Лигурия ж-а Тиррен, түштүгүнөн Иония, чыгышынан Адрия деңиздери м-н чулганат. Аянты 301,3 миң км2. Калкы 59,3 млн (2008). Борбору – Рим. Акча бирдиги – евро (2000-ж. чейин – лира). Расмий тили – италян тили. И-нын аймагы адатта 3 тарыхыйэкон. аймакка бөлүнөт: Түн., Борб. ж-а Түш. Адм.-айм. жактан 20 облуска бөлүнүп, алар 109 провинцияны камтыйт (к. таблицаны).
БУУнун (1955), Европа советинин (1949), Европа союзунун (1993; 1958–67-ж. Европа экон. кызматташтыгы; 1967–92-ж. Европа кызматташтыгы), НАТОнун (1949), Евратомдун (1958), ЭВФтин (1947), Эл аралык реконструкция ж-а
өнүгүү банкынын (1947), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ЕККУнун (1973), Европа экон. кызматташтыгы ж-а өнүгүү уюмунун (1961) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. И. – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – парламенттик республика. Азыркы конституциясы 1947-ж. 22- декабрда кабыл алынган. Мамлекет башчысы – президент. Аны парламент эки палатанын биргелешкен жыйынында 7 жылдык мөөнөткө шайлайт. Президент премьер-министрди дайындайт. Мыйзам чыгаруу бийлиги эки палаталуу парламентке (Сенат ж-а Депутаттар палатасы), аткаруу бийлиги премьер-министр башында турган Министрлер кеңешине таандык.
Саясий партиялары: Христиан-демокр. партиясы, Солчул күчтөрдүн демокр. партиясы (мурдагы И. коммунисттик партиясы).
Табияты
. И. – аймагы материкте (ири орогр. объектилери – Альп тоолору, Падан түздүгү ж. б.), жарым аралда (Апеннин ж. а.) ж-а аралдарда (Сицилия, Сардиния, о. эле Тоскана ар-

хипелагы, а. и. Эльба а., Кампано архипелагы, Капри а., Липари аралдары, Пантеллерия а. ж. б. көптөгөн майда аралдар) жайгашкан тоолуу өлкө. Батыш Альп тоолорунда анын, о. эле И-нын эң бийик чокусу – Монблан жайгашкан, бийикт. 4807 м. Апеннин ж. а-нын басымдуу бөлүгүн Апеннин тоолору (эң бийик жери 2914 м, Корно чокусу) ээлейт. Өлкөнүн түштүгүндө аракеттеги (Этна, Везувий) ж-а өчкөн жанартоолор бар. И. Альп-Гималай кыймылдуу облусунда жайгашкан; жер титирөө тез-тез болуп турат. Коргошун, цинк, алтын, күмүш, темир, о. эле марганец, сымап, сурьма, боксит, күрөң көмүр, нефть ж-а табигый газ ж. б. кен-

дери бар. Климаты өлкөнүн басымдуу бөлүгүндө субтропиктик жер ортолук деңиздик, түндүгүндө мелүүн. Жайы кургакчыл ж-а ысык, июлдун орт. темп-расы 23–26°С, түштүктөн соккон сирокко шамалынын таасиринен 40–45°Сге чейин көтөрүлөт. Кышы жылуу ж-а жаанчыл, январдын орт. темп-расы түздүктөрдө 8–11°С. Кар тоолордо гана жатат. Жылдык жаан-чачыны


түздүктөрдө 600–1000 мм, тоолордун айдарым беттеринин айрым жерлеринде 3000 ммден ашык (көбүнчө жылдын суук мезгилинде жаайт). Түндүгүндөгү дарыялардын суусу мол, гидроресурска бай, сугатка ж-а кеме жүрүү үчүн пайдаланылат. По (И-дагы эң чоң дарыя), Арно ж. б. дарыялардын өрөөндөрүндө суу ташкыны болот. Борб. ж-а Түш. И-дагы дарыялардын суусу аз. Альп тоолорунун этегинде ири көлдөр (Гарда, Комо, Лаго-Мажоре) көп; бийик тоолордо 800дөн ашык

мөңгү бар. Жапыз тоолордо маквис ж-а гарига, айрым жерлерде эмен, каштан ж-а бук токою, пиния ж-а альп мырза карагайы өсөт. Деңиз деңг. 800–1800 м бийикте эмен, карагай-көк карагайлуу (Альп тоолорунда) ж-а жалбырагы күбүлмө токой (Апеннинде), андан бийигирээк субальп ж-а альп шалбаасы (Альп тоолорунда), ийне жалбырактуу токой (Апеннинде) ж-а айрым жерлери шалбаа
өсүмдүктөрү м-н капталган.
И-да жалпы 2,9 млн га жерди ээлеген коргоого алынган 772 табигый аймак уюшулган; а. и. жалпы аянты 1,34 млн га болгон 22 улуттук парк бар, алардын эң алгачкылары ж-а белгилүүлөрү – Гран-Парадизо (1922), Чирчео (1934) улуттук парктары. Тиррен ж-а Адрия деңиздеринин жээктеринде Европанын көптөгөн келгин куштары кыштайт. Ошого байланыштуу коргоого алынган 48 аймак эл аралык маанидеги суу-саздуу жер болуп саналат. Коргоого алынган деңиз мейкиндиктери, а. и. ЮНЕСКОнун биосфералык резерватына киргизилген Мирамаре деңиз паркы 2,8 млн га аянтты ээлейт. Липари а. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.
Калкы
. Италяндар өлкөнүн калкынын 92,5%ин түзөт, а. и. сицилиялыктар 8,3%, сардиниялыктар 2,3%. Төрөлүү мурда өтө жогору (1970-ж. 1000 адамга 16,5 бала туура келген) болгон, азыр И. төрөлүү деңгээли б-ча (1000 адамга 8,5 бала) Европа союзуна кирген өлкөлөрдүн

ичинен акыркы орундардын бирин ээлейт. Өлүмжитим (10,5 адам) төрөлүүдөн ашат. И-нын калкы Европа ж-а дүйнөдөгү эң картаң калк (орт. жашы 42 жыл). Калктын курактык структурасында 15 жашка чейинки балдар 13,8%ти, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64) 66,4%ти, 65 жаштан ашкандар 19,9%ти түзөт (2007). Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 196дан

ашык киши туура келет. Падан түздүгү м-н Тиррен ж-а Адрия деңиздеринин жээктеринде калк жыш (1 км2 жерге 400 адамдан ашык), түн. ж-а борб. тоолуу аймактарда, Сардиния а-нда сейрек отурукташкан. Шаар калкы – 67,6% (2005). Ири шаарлары (2008): Рим (калкы 2,5 млн; шаар айланасы м-н 3,9 млн), Милан (1,3 млн; 4,3 млн), Неаполь (965,4 миң; 3,8 млн), Палермо (652,9 миң; 1,0 млн), Генуя (588,4 миң; 689,6 миң). И-нын калкынын 90%и – католиктер, 5%и баш-

ка конфессиялардын өкүлдөрү, негизинен мусулмандар м-н иудейлер.
Тарыхы
. И-нын аймагында адам палеолит дорунда жашай баштаган. Коло (б. з. ч. 2-миң жылдык) ж-а темир доорлорунда (б. з. ч. 1-миң жылдык) жашаган лигури, этруск, италик урууларына таандык бир катар археол. мад-ттар калган. Латындар м-н сабиндер (италик уруу-

сунан) б. з. ч. 6-к-дын ортосунда Римди негиздеген. 5–3-к-да Апеннин ж. а-н караткан соң, б. з. ч. 2-к-да ири кул ээлик мамлекет түзүлгөн (к. Рим байыркы). Кул ээлик системанын кризиси (б. з. 3-к-нан) ж-а варварлардын 4–5-к-дагы кысымы 476-ж. Рим империясын кулоого алып келген. Империянын Батыш бөлүгүн варварлар (башчысы Одоакр) басып алган. И-да 493– 554-ж. остготтор (борб. Равенна) мамлекети түзүлгөн. 554-ж. И-нын көп бөлүгүн Византия караткандан кийин Рим империясы калыбына келтирген. Түн. И-ны 568-ж. лангобарддар басып алып, өзүлөрүнүн королдугун түзгөн. Алардын тушунда кул ээлик система бузулуп, эркин жамааттар негизги өндүргүч күчкө айланган. И. айрым феодалдык ээликтерге бытырап, герман королу Оттон Iнин баскынчыл жортуулдарынын (951, 961–62) натыйжасында 962-ж. Ыйык Рим империясынын курамына киргизилген. 11–12-к-да И. рим папасы м-н герман императорлорунун талашына түшкөн.
Акча-товар мамилелеринин эрте өнүгүшү шаарлардын экон. күч-кубатын чыңдаган ж-а алардын көбү 11–12-к-да өзүн өзү башкарууга жетишкен. Лукка, Милан ж. б. ш-да коммуналар түзүлүп, бийлик патрицийлер м-н көпөстөргө
өткөн. Крест жортуулдарынын натыйжасында
И-лык шаар-коммуналар Европа м-н Чыгыштын ортосундагы негизги соода борборуна айланган. Генуя, Пиза, Венеция ж. б. ири коммуналар иш жүзүндө көз карандысыз респ. болгон. 8-к-дан арабдар сурап турган Түш. И. м-н Сицилияны 11-к-да норманндар басып алган. Сицилия королдугун бийлеген Фридрих II Штауфендин (ошол кезде герман императору да болгон) Орто И. шаарларын каратуу үчүн 13-к-дын 1-жарымындагы аракетинен натыйжа чыкпаган. Түш. И-ны 13-к-дын 60-жылдарында Анжу династиясы бийлеген. 1282-жылдагы элдик көтөрүлүш Сицилия королдугун кулаткан. 14- к-дын башында Сицилия, 15-к-дын ортосунда Түш. И. испандык Арагон королдугунун курамына киргизилген. И-лык шаарлардын экон. жактан күч-кубаттуулугу, кол өнөрчүлүк өндүрүшүнүн өнүгүшү И-да (14–15-к-да эле) капиталисттик мамилелердин пайда болушуна алып келген. И-дагы шаар турмушунун гүлдөшү, капиталисттик мамиленин келип чыгышы Кайра жаралуу мад-тынын калыптанышына өбөлгө түзгөн. 16-к-да соода жолдорунун Жер ортолук деңизден Атлантика океанына которулушунан И-нын экономикасы төмөндөй баштаган. Буга бирдиктүү улуттук рыноктун жоктугу, өлкөнүн саясий бытырандылыгы да түрткү болгон. Испания м-н Франциянын И. үчүн болгон күрөшүнүн натыйжасында И. аймагынын кыйла бөлүгүндө
чет элдик үстөмдүк орногон. Бул факторлордун
баары 16-к-дын 2-жарымында И-да феодалдыккатоликтик реакциянын башталышын шарттап, социал. карама-каршылыктын кескин курчушуна (Түш. И-дагы 17-к-дын 1-жарымындагы көтөрүлүш), 17-к-дын аягы – 18-к-дын башында Испания (1701–14), Польша (1733–35), Австрия (1740–48) мурастары үчүн И-нын аймагында болгон согуштар анын саясий ж-а экон. жактан начарлашына алып келген. И. жериндеги согуштардын токтолушунан улам 18-к-дын 2-жарымында И-нын экономикасы жанданып, капиталисттик мамиле кайрадан өнүгө баштаган. И-лык агартуучулар (Ч. Беккариа, Г. Филанжери ж. б.) феод. тартипти жоюуну талап кылган. 70–80-жылдарда Тоскана, Сардиния королдугу сыяктуу И-лык мамлекеттерде агартуу абсолютизми маанайындагы реформалар жүргүзүлгөн. 18-к-дын аягынан өлкөнү чет элдик эзүүдөн куткарып, аны бир мамлекетке бириктирүү кыймылы – Рисоржименто (итал. Кайра жаралуу) кулач жайган. Рисоржименто феодалдык-абс. тартипке каршы чыгып, бурж. түзүлүштү орнотуу максатын көздөгөн. Өлкөнүн патриоттору бирдиктүү И-ны түзүүдө рев-ячыл Франциядан жардам алууга үмүттөнгөн. Бонапарттын И-га жортуулдарынан (1796–97) кийин анда Францияга көз каранды бир нече респ. түзүлүп, бурж. реформалар жүргүзүлгөн. Бирок фр. администрациянын талоончул саясаты И-нын экон.
өнүгүшүнө бөгөт болгондуктан, дыйкандардын нааразылыгы күчөгөн. Вена конгресси (1814–
15) б-ча Наполеондун жортуулуна чейинки И-дагы феодалдык-абс. монархия калыбына келтирилип, И. мамлекеттеринин дээрлик бардыгы (Сардиния королдугунан башкасы) Австрия империясынын курамына киргизилген. Австриялык эзүүгө ж-а саясий бытырандылыкка каршы күрөшкө карбонарийлер жетекчилик кылган. Алар башкарган бурж. рев-ялар (Неаполитан королдугунда, 1820; Пьемонтто, 1821 ж. б.) жеңилген соң, И-лык демократтар күрөштүн башка жолун издеген. Ж. Мадзини элдик рев-я чыгаруу ж-а көз карандысыз демокр. респ. түзүү м-н И-ны бириктирүү программасын иштеп чыккан. Бирок ал түзгөн «Жаш Италия» уюмун эл колдогон эмес. 1848–49-ж. Римде респ. түзүлүп,бурж.-демокр.реформаларжүргүзүлгөн. Бирок контррев-ячыл интервенттердин (Франция, Австрия ж. б.) аскерлери аны биротоло басып салган.
Австрия–Италия–Франция согушунда (1859)
Австрия Габсбургдарынын эзүүсүнөн Ломбардия бошотулган. Элдик көтөрүлүштөрдүн натыйжасында, монархисттер Модена, Парма, Тоскана ж-а Романья герцогдуктарынан куулган, И-нын түштүгү испаниялык Бурбондордун бийлигинен кутулган. И-нын бошотулган аймагы 1860-ж. Сардиния королдугуна бириктирилип, 1861-ж. бирдиктүү И. королдугу жарыяланган. Австрия- Италия согушунан кийин 1866-ж. ага Венеция кошулуп, конституциялык монархия орногон.

И. мамлекети түзүүлөрү м-н эле колониялык согушту баштап, Сомалини (1889), Эритреяны (1890), Ливияны (1912) басып алган.
И. биринчи дүйнөлүк согушта (1914–18) Антанта тарабында 1915-жылдан катышкан. Согуштан кийинки келишимдер б-ча, ага Түш. Тироль, дээрлик бүткүл Истрия ж. б. жерлер караган. Согуштан кийин И. индустриялык-агр.
өлкөгө айланган. 1922-ж. Б. Муссолини фашисттик диктатура орнотуп, И. фашисттик мамлекетке айланган. Фашисттик И. Эфиопия (1935–
36) м-н Албанияга (1939) агрессиячыл согуш
ачып, ал өлкөлөрдү караткан ж-а фашисттик Германия м-н бирдикте респ. Испанияга каршы интервенцияга (1936–39) катышкан. Гитлердик Германия м-н согуштук союз түзүп, 1940-ж. Германия тарапта экинчи дүйнөлүк согушка (1939–45) кирген. И. Грекияга (1940, октябрь), Югославияга (1941, апрель) кол салып, 1941-ж. 22-июнда фашисттик Германия м-н бирге СССРге каршы согуш жарыялаган. Улуу Ата Мекендик согушта Сов. Армиянын жеңиши, өлкөдөгү антифашисттик кыймылдын өсүшү, англ.-амер. аскерлердин Сицилияга түшүрүлүшү 1943-ж. 25- июлда Муссолини бийлигинин кулашына алып келген. Бирок 1943-ж. 8-сентябрда фашисттик Германия И-нын көп бөлүгүн басып алган соң,
өлкөдө кеңири кулач жайган эң кубаттуу Каршылык көрсөтүү кыймылы м-н англ.-амер. аскерлер 1945-жылдын жазында И-ны бошоткон. 1946-ж. монархия жоюлуп, И. респ. деп жарыяланган ж-а конституция (1947) кабыл алынган. 1947-жылдагы тынчтык келишими б-ча И. колонияларынан баш тартып, Югославияга Истрия м-н бир катар башка аймактарды, Грекияга Додеканес а-дарын ж. б. кайтарып берген. Премьер-министр Маршалл планы б-ча И. 1948-ж. АКШдан экон. жардам алып, 1949-ж. НАТОну түзүүгө катышкан. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин И. ө. ж. өнүккөн өлкөгө айланган.
Калктын массалык нааразылык көрсөтүү кыймыл ынын ө сүү шартт арында башк ару учу партия 1962-ж. солчул борборчул саясатка өткөн. Алар социалисттер, социал-демократтар ж-а респ-чылар м-н реформанын белгилүү бир программасынын негизинде кызматташууну ж-а компартияны четтетүүнү көздөгөн. А. Фанфанинин өкмөтү (1962–63) бир нече реформа (электр-энергетика ө. ж. мамлекеттештирилип, пенсия көбөйгөн, дыйкандардын абалы бир аз жакшыртылган) жүргүздү. И-да иш таштоолордун эң кубаттуу толкуну көтөрүлүп, өкмөт элдин көптөгөн таламын канааттандырууга мажбур болду. 70-жылдардын башында демокр. кыймылдын жогорулашы реакциячыл күчтөрдүн, баарыдан мурда неофашисттердин активдешүүсүн пайда кылды. Бирок И-нын саясий
өзөгүн оңчулдаштырууну көздөгөн реакция оңунан чыкпай, неофашисттердин аракеттери чечкиндүү соккуга учураган. 2001-жылкы парламенттик шайлоодо С. Берлускони түзгөн оңчулдар коалициясы жеңишке жетсе, 2006-ж.
Р. Продинин солчул блогу бийликке келген. Бирок, Р. Продинин өкмөтү өлкөдөгү социалдыкэкон. кыйынчылыктарды жоюуга дарамети жетпей, 2008-ж. өткөн шайлоодо Берлусконинин «Эркиндик эли» оңчул-борб. коалициясы жеңишке жетип, Берлускони өлкөнүн премьер-министри болуп калган.
Чарбасы
. И. – дүйнөдөгү экономикасы жогорку деңгээлде өнүккөн постиндустриялуу өлкө. ИДПнин көлөмү (1,8 трлн евро) б-ча дүйнөдө 10-, Европа Союзуна кирген өлкөлөрдүн ичинде 4- орунду (Германия, Улуу Британия ж-а Франциядан кийин) ээлейт. ИДПни киши башына бөлүштүргөндө 31 миң доллардан туура келет. ИДПнин 1,9%и а. ч-на ж-а балык уулоого, 22,7%и ө. ж-на, 6,1%и курулушка, 69,3%и тейлөө чөйрөсүнө таандык.
Ө. ж-нын башкы тармактары (продукциясынын наркы б-ча): машина куруу, тамак-аш (суусундук, тамеки өндүрүштөрүн кошкондо), нефть ажыратуу ж-а нефть-химия, текстиль, тигүү ж-а булгаары-бут кийим ө. ж., кара ж-а түстүү металлургия.
И. отун-энергия ресурстарына жарды болгондуктан, импортко өтө муктаж. Өлкөдө өндүрүл-

гөн нефть (5,8 млн т; 2006) ички муктаждыктын 7%ин гана канааттандырат. Нефтини негизинен Ливия, Россия, Сауд Арабиясы, Иран, Ирактан алат (87 млн т). Өндүрүлгөн табигый газ (11 млрд м3) ички муктаждыктын 13%ин гана канааттандырат. Газ негизинен Адрия деңизинин шельфинен, о. эле Калабриядан казылып алынат. Газды Россиядан ж-а Алжирден алат (2006-ж. 77 млрд м3). Энергия ресурстары
чектелүү болгондугуна карабастан, И. электр энергиясын өндүрүү б-ча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирет. 2005-ж. 290,6 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн; ал эми өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгы 309,8 млрд кВт.с. Электр энергиянын 83%и ЖЭСтен, 17%и калыбына келүүчү булактардан
(анын 85,2%и ГЭСтен, 10,1%и геотермалдык ЖЭСтен, 4,7%и шамал ж-а күн энергиясынан)
өндүрүлөт.
Кара металлургия импорттук сырьёнун негизинде иштейт. Сырттан темир кенташы (негизинен Бразилиядан), металлолом (Батыш Европа өлкөлөрүнөн), коксталуучу көмүр алат.
Чоюн, болот, прокаттарды (узун өлчөмдүү ысык, ысык каңылтыр, муздак катанка каңылтыр прокаттарын, темир-бетон конструкциясын ж. б.) чыгарат. Түстүү металлургия да негизинен импорттук сырьёну пайдаланат. Мында аллюминий ж-а коргошун-цинк өндүрүштөрү
өзгөчөлөнөт. Глинозём, алюминий, коргошун, цинк, күмүш, алтын, жез ж. б. өндүрүлөт. Машина куруу – өлкөнүн ө. ж-нын экспортко багытталган ири тармагы. А. и. түрдүү транспорт каражаттарын (автомобиль, авиация техникасы, кеме ж. б.) чыгаруунун мааниси зор. Жеңил («FIAT», «Alfa Romeo», «Lancia» ж. б.) ж-а жүк ташуучу автомобилдерди, автобус, аскердик транспорт каражаттарын, кеме, автомобиль тетиктерин ж. б. чыгарат. Авиация ө. ж. негизинен аскер техникасын даядоого адистешкен. Машина куруунун маанилүү секторлорунун бири – аскер продукцияларын өндүрүү. Анда курал-жабдык, аскер техникасы (сооттолгон танк, сооттолгон транспортёр – БТР, дөңгөлөктүү сооттолгон машина, аскердик чалгындоо машинасы ж. б.), аскердик электрони-

ка, радар системасы, аскердик, жарандык авиация ж-а кеме куруу ө. ж. үчүн мотор ж. б. чыгарат.
Т. ж. өндүрүшүндө 2004-ж. 112 электровоз, 100 жүк ташуучу вагон чыгарган. И-дан даярдалган велосипед м-н мотоцикль спорт үчүн өтө маанилүү. Электр-тех. ж-а электроника ө. ж. тиричилик электр-приборлорун (муздаткыч, идиш-аяк ж-а кир жуучу машиналарды, микротолкун мешин, ашкана мешин, телевизор ж. б.) чыгарууга адистешкен. Жалпы машина куруу ө. ж. продукциясынын экспорттогу үлүшү зор (70%; Европа өлкөлөрүнүн ичинен Германиядан кийинки 2-орунда). Анда ө. ж. роботтору, автоматтык линия, ширетүүчү ж-а штамптоочу машиналар, трактор тетиктери, текстиль, тамак-аш ж-а тигүү, тери өңдөө ө. ж. үчүн жабдуулары, бут кийим ж. б. даярдалат. А. ч. машиналарын ж-а жабдууларын (ага кошо түрдүү тракторлор, топуракты иштетүүчү ж-а жер семирткич чачуучу машиналар, эгин жыйноочу комбайн ж. б.) чыгаруу б-ча И. Европада алдыңкы орундардын бирин ээлейт. О. эле жол куруу техникаларын (бульдозер, экскаватор, чаканэкскаватор, автоматтык жүк жүктөгүч, скепер ж. б.) чыгарат.
Хим. продукциясынын көлөмү б-ча Европада Германия, Франция ж-а Улуу Британиядан кийинки 4-орунду ээлейт. Адистешүүсүнүн негизги багыты – хим. була, пластмасса, негизги химия продуктулары (к-та, щёлочь ж. б.) а. ч. химикаттары, лак-боёк буюмдары, тиричилик химиясынын товарлары ж-а косметика каражаттары. Жыгач иштетүү ж-а эмерек ө. ж-нын экспорттук мааниси зор. Курулуш материалдар
ө. ж-нда белгилүү И. мрамору (каррара ак мрамору), имараттарды кооздоочу табигый каптама таштар кеңири пайдаланылат; асбест, бентонит, бор казылып алынат. Цемент, кыш, карапа такта, кургак курулуш аралашмалары, курулуш химикаттары, желим, карапа ж-а фаянс буюм өндүрүштөрү өнүккөн. Айнек
ө. ж. негизинен чоң айнек идиштерди, идишаяктарды, курулуш ж-а автомобиль ө. ж., оптика приборлору үчүн айнектер, хрусталь, айнек-кебез, айнек-була чыгарууга адистешкен; көркөм айнеги м-н Венециядагы Мурано а. белгилүү.
Текстиль ө. ж. импорттук (пахта, жүн, зыгыр) ж-а жерг. (жибек, жасалма, синтездик ж-а аралаш була) сырьёдон ийрилген жип ж-а кездеме чыгарат. И. үй үчүн текстиль өндүрүшү [ич кийим, шейшеп, парда, ички жасалга (интерьер) ж-а эмерек ж. б. үчүн кездемелер] м-н белгилүү. Бир багытта иштеген тех. текстиль (атм. таасирден сактоочу, а. ч-да, курулушта, о. эле медицинада, аскер иштеринде, ө. ж-нда пайдаланылуучу материалдар) өндүрүштөрүнүн мааниси зор. Тигүү ө. ж. аялдардын ж-а эркектердин модалуу кийимдерин даярдоого адистешкен. Жогорку сапаттагы ж-а «люкс» классындагы товарларды даярдоо салты сакталууда. Булгаары ж-а бут кийим ө. ж. – өлкөнүн эл аралык адистешүүсүнө кирген салттуу тармагы.
Өңдөлгөн тери (уй, чочко, кой, эчкинин) ж-а рептилия терилери кийим (ичик, тон ж. б.), бут кийим, сумка, аксессуарларды, эмерек ж. б. даярдоодо пайдаланылат. И. өңдөлгөн тери тонду экспорттоо б-ча дүйнөдө (20%) алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Теринин 70%и эмерек каптоого, 20%и бут кийим ж-а 10%и кийим тигүүгө жумшалат.
И. – дүйнөгө мода таратуучу ж-а «люкс» классындагы бут кийим тигүүчү башкы өлкө. Бут кийим чыгаруу өлчөмү б-ча (жылына 244 млн жуп жогорку сапаттагы моделдүү булгаары, спорттук, резина ж. б. бут кийимдер) дүйнөдө Кытай, Бразилиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Бут кийимдин 80%ке жакыны экспорттолот (243,6 млн жуп, дүйнөлүк экспорттун 1/ и; 2006). Ошол эле убакта кыйла арзан баадагы бут кийимди сырттан (Кытай, Румыния, Вьетнам, Индия, Болгариядан) сатып алат. Эзелтен эле модалуу булгаары-галантерия товарларын (сумка,
чемодан, капчык, кемер, булгаарыдан жасалган кеңсе товарлары, кол кап, аксессуарлар) ж-а галстук, о. эле чий калпак, булгаары, кездеме, фетр калпактарын, килем чыгаруу салт бойдон калган. Оюнчуктарды, балдар үчүн түрдүү буюмдарды, балаты жасалгаларын, күмүш, хрусталь, фарфор ж-а териден жасалган баалуу белектерди, көркөм гравюра ж. б. чыгаруу өнүккөн. И. муз. аспаптары (кылдуу ж-а үйлөмө аспаптар, орган, мандолина, гитара, аккардеон) м-н да белгилүү.
Тамак-аш ж-а тамеки ө. ж. – И-нын экономикасында машина куруудан кийинки 2-маанилүү тармак. Азык-түлүктү (шарап, макарондун түрлөрүн, быштак ж-а сүт азыктарын, зайтун майын, кондитер азыктарын, жашылча ж-а мөмө-жемиш консерваларын) экспорттоочу ири өлкө. Кондитер өндүрүшү шоколад ж-а татымалдардын түрлөрүн даярдоого адистешкен. Шарап жасоо б-ча И. дүйнөдө 1–2-орунду Франция м-н гана бөлүшөт. И. колбаса, ыштап сүрсүтүлгөн ж. б. чүйгүн эт азыктарын даярдоо б-ча Европада маанилүү орунду ээлейт. Жылына 11 млн т ун даярдалат; макарон өндүрүшүнө байланыштуу (150дөн ашык түрү чыгарылып, дүйнөдө 1-орунду ээлейт) ун көп керектелет. Жылына 3,3 млн т жашылча ж-а мөмө-жемиш консерваланат; туздалган помидор, томат пасталары, мөмө-жемиш консервалары, маринаддалган жашылча, фаршталган зайтун, артишок консервалары чыгарылат. Башка экспорттук продукцияларына – алкаголдук ичимдиктер (вермут, шампан ж. б.), кофе, жыпар жыттуу
өсүмдүктөрдүн негизинде жасалган соустар ж-а
татымалдар, кант, тамеки, пиво, алкоголсуз суусундуктар ж. б. кирет.
Өлкөнүн а. ч-нын ИДПдеги үлүшү 1,9%. А. ч.
өндүрүшүнүн көлөмү б-ча И. Европада Франция, Германиядан кийинки 3-орунду ээлейт. Өлкө а. ч. продукциясына ж-а азык-түлүккө болгон муктаждыгынын 86%ин өзү камсыз кылат, калганын Франция, Германия ж-а Нидерланддан импорттойт. Агрардык секторунун өнүгүүсүнүн жалпы деңгээли европ. орт. көрсөткүчтөн төмөн, а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү ж-а малынын продукттуулугу б-ча И. Европадагы көп өлкөлөрдөн артта. А. ч-га жарактуу жеринин жалпы аянты 17,8 млн га (2005); анын 53%и иштетилет, 18,8%и шалбаа ж-а жайыт, калганы токой (23%; бийик өскөн дарактар аз, негизинен теректүү токой ж-а бадалдар). Иштетилген жердин 75,6%и айдоо, анда тоют өсүмдүктөрү – жүгөрү, арпа, кара буудай, сулуу, буурчак, буудай, кант кызылча, күн карама, жүзүм, жашыл-

ча, мөмө-жемиш бактары өстүрүлөт. Жаан-чачыны сезон б-ча кескин өзгөрүп тургандыктан, жери сугатка муктаж. Сугат жеринин аянты 3,97 млн га (2005). А. ч-нын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. И. «Европанын багы» деп аталат; ал түрдүү мөмө-жемиштерди (цитрус өсүмдүктөрүн кошо), жашылча, жүзүм, зайтун, буудай өстүрүүчү ж-а экспорттоочу ири өлкөлөрдүн бири болуп саналат. Киви (түшүмү б-ча дүйнөдө 1-орунда), шабдалы, нектарин, алмурут (дүйнөдө Кытайдан кийинки 2-орунда), өрүк (Түркия, Ирандан кийинки 3-орунда), алма (Европада 1-орунда), курма (Европада 1-орунда), гилас, кайналы, анжир ж. б. өстүрүлөт. И. жүзүм жыйноо б-ча (8,6 млн т; а. и. мейиз жүзүмү 1,7 млн т; 2006) дүйнөдө 1-орунда. Жүзүмзар өлкөнүн бардык жеринде таралып, өзгөчө итал. пейзажды жаратат. И. зайтунду чогултуу б-ча (жылына 4 млн тдай) дүйнөдө алдыңкы орунда. Маанилүү экспорттук тармагы – гүл өстүрүү. Башкы дан өсүмдүктөрү – буудай, шалы, жүгөрү, арпа. Мал чарбасынын өнүгүүсүнө Франция, Нидерланд ж. б. Европа өлкөлөрүнөн келген арзан баадагы продукциялар, о. эле тоют базасынын жетишсиздиги тоскоолдук кылат. Өлкөнү чулгап турган деңиз жээктери балыкка анча бай эмес.