ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ КЕНДЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНАРТОО-ЧӨКМӨ КЕНДЕР – деңиз м-н океан түбүндө атылган жанартоолордон чык­кан минералдык заттардын жыйылып, деңиз чөкмөсү м-н бирге пайда болгон кендер. Жанартоо-чөкмө кендерге темир, марганец ж-а колчедан кенташта­ры, айрым илимпоздордун изилдөөлөрү боюнча боксит м-н фосфориттердин кендери кирет. Алар лава, күл (чаң, кум) ж-а кремнийлүү тоотектер­дин деңиз чөкмөлөрү м-н аралашып жаткан калың катмарларында кабат же желвак түрүндө кезигет. Бардык геологиялык мезгилдердеги тоотектер­де жолугат. Кыргызстандагы Жетим темир кенташ бассейни, Арчалы марганец кени, Жакболот мар­ганец кени ж. б. жанартоо-чөкмө кендерге кирет.