ЖАНКОРОЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:32, 30 Июнь (Кулжа) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАНКОРОЗ Бердикожо уулу (1830, Кетмен-Төбө өрөөнү – 1910, Беш-Таш өрөөнү) – акылманды­гы м-н элге кеңири таанымал инсан, саруу уруу­сунан. Молдодон окуп, сабатын жойгон. Ал акыйкатчылдыгынан, даанышмандыгынан улам талаш-тартыш маселелерди чечүүгө чакы­рылып турган. Өзгөчө бугу, сарыбагыш, солто урууларынын ортосундагы чыр-чатактарды жөнгө салууга кошкон салымы чоң. 1870-жыл­дан Россиядан көчүп келе баштаган орус, немис калктары м-н жергиликтүү элдин ортосунда ынтымак орнотууга көп күч жумшаган, келгиндер ара­сында кадыр-баркка ээ болгон. Түркстан гене­рал-губернатору Кауфман 19-кылымдын аяк ченде­ринде Бишкекте ж-а Токмокто өткөн кээ бир курултайларды Жанкорозго башкарткан. Ал Олуя-Ата уездинин башчысы В. А. Каллаурга жолугуп, ага Талас жергесиндеги байыркы эстеликтер жөнүндө кызыктуу маалыматтарды айтып, ал эс­теликтер келгиндер тарабынан талкаланып жат­кандыгын билдирген. Ушундан кийин Ташкент­тен экспедиция келип, Жанкороздун коштоосунда Та­ластагы археологиялык эстеликтер м-н таанышкан. Бул экспедицияга кыргыз тарыхында эң баалуу ачы­лыш болгон – Айыр-Там-Ойдо ташка чегилген байыркы түрк (рун) жазуусун таап берген. Ошондой эле аш-тойлордо байгеге адам саюу, кул, күң кы­лып, барымтага киши берүү сыяктуу салт­тардын жоюлушуна жетишкен. 1870-жылы Меке­ге барып, ажы болуп кайткан. Жанкороз сексен жаш курагында Беш-Таш өрөөнүнүн оозундагы Бүл­күлдөктүн сазы деген жерде дүйнөдөн кайткан.