ЖАНР
ЖАНР (фр. genre – тек, түр, уруу) – адабий өсүштүн тарыхый узак жолунда жаралган ар кыл чыгармалардын окшош белгилеринин негизинде обочолонгон атайын топтору, типтери. «Жанр» термин катары көп убактан бери (16-кылымдан) колдонулганына карабастан, алигиче так илимий аныктама ала элек. Айрым ад-абиятчылар жанр деп адабияттын тектерин (лирика, эпос, драма) көрсөтүшсө, кээ бири жанрды адабий тектерге эмес, алардын ар биринин жеке-жеке түрлөрүнө (элегия, поэма, аңгеме, роман, комедия ж. б.) колдонууну ылайык табышат. Кийинкиси көбүрөөк колдоого алынууда. Демек жанр – адабий тектердин ички тармактарынын, түрлөрүнүн жалпы аты. Адабий тектер тигил же бул ички айкын бөлүктөргө ажыроочу жанрдык формалар аркылуу ишке ашат. жанр бул жагынан адабий тектерди жиктөөнүн башкы бирдиги катары кызмат аткарат. жанр көркөм чыгармалардын композициялык-сюжеттик түзүлүшү, образ жасоо ыктары, тил курулушу, ыргак-кырааттын уюшулушу өңдүү мазмун м-н форманын көп сандаган элементтеринде туруктуу кезигип ж-а кайталанып туруучу белгилердин бирдигин туюндурат. Адабиятта лирикалык тектин жанрдык формалары: арноо, коштошуу, кордоо ырлары, элегия, эпитафия, сонет; эпикалык тектик – миф, жомок, аңгеме, повесть, роман; драмалык тектик – интермедия, водевиль, комедия, трагедия ж. б. Көлөмү ж-а курулушу жагынан лирикалык жанр (чакан), эпикалык жанр (кеңири) деп бөлүнөт. Көпчүлүк жанрлар ич ара төмөнкүдөй майда түрлөргө жиктелет: лирикалык ырлар композициялык тибине карай – сонет, казал, бейт, рубайи, ал эми тематикалык багытына карай саясий, граждандык, сырдаштык, философиялык, пейзаждык ж. б., романдар тематикасына карай тарыхый, турмуштук, окуялуу, илимий-фантастикалык, образдарынын мүнөзүнө карай сатиралык, аллегориялык, публицистикалык ж. б-га ажырап кетет. Адабий процессте жанр тынымсыз өсүп-өнүгүп турат. Ар бир тарыхый доор жанрдык формалардын салттуу белгилерин сактоо м-н алардын ички турпатына, табиятына мүнөздүү өзгөчөлүк кийирет. Бир жагынан бул ар бир адабияттын улуттук бөтөнчөлүгүнө негизделсе, экинчи жагынан жазуучунун коомдук позициясына, адабий процесстеги ойногон ролуна байланыштуу болот. К ө р к ө м с ү р ө т – белгилүү бир теманын айланасында көркөм өнөр тармагын мүнөздөөчү түшүнүк. Көркөм сүрөт өнөрүн жанрларга бөлүү анын турмуш чындыгын терең үйрөнүүсүнө шарт түзгөн ж-а чагылдыруу каражаттарын иштеп чыгып өнүктүргөн. жанр сүрөттүн предметин (портрет, натюрморт, пейзаж, тарыхый же согуш темасы), кээде сүрөттүн мүнөзүн (карикатура, шарж) чагылдырат. М у з ы к а д а – аткаруу ыкмасына жараша (вокалдык-жеке, ансамблдик, хордук; вокалдык-аспаптык, аспаптык-жеке, оркестрлик), турмуш-тиричилик жанр (марш, бий, бешик ыры ж. б.), мазмуну боюнча (лирикалык, эпикалык ж-а драмалык), аткаруу орду ж-а шарты боюнча (театрдык, концерттик, камералык, киномузыка ж. б.) бөлүнөт. Т е а т р д а негизинен драматургия жанры – трагедия, драма, комедия; өз кезегинде алар водевиль, комедия-памфлет, лирикалык комедия ж. б. бөлүнөт. Балетте эпикалык, лирикалык, балет-поэма, балет-роман, балет-жомок ж. б. жанрлар бар. 20-кылымдан жанрда өз ара аракеттенүү ж-а түрүн өзгөртүү процесси ыкчам жүрүүдө.
Ад.: Щепилов Л. Введение в литературоведение. М., 1968. Поспелов Г. Н. Проблемы исторического развития литературы. М., 1972; Фрейденберг О. М. Поэтика сюжета и жанра. М., 1997; Назайкинский Е. В. Стиль и жанр в музыке. М., 2003.
А. Садыков.